Түштүк-Чыгыш Азияда суу ташкын менен жер көчкүдөн набыт болгондордун саны өсүп жатат.
Жекшембиде Вьетнамда дагы бир адамдын мерт кеткени ырасталып, табият кырсыгынан курман болгондордун жалпы саны 91 ге жетти. Он бир кишинин дайыны белгисиз.
Эң катуу жабыркаган Даклак провинциясында 63 адам каза болду, алардын көпчүлүгү сууга чөгүп кеткен.
Көп райондордо жолдорду суу жууп кеткендиктен, адамдарды эвакуациялоого, азык-түлүк жана жардам жеткирүүгө тик учактар тартылды.
Кханьхоа провинциясындагы туристтер арасында өтө популярдуу Нячанг шаары да катуу жабыркады. Вьетнамдагы кофe плантациялары толугу менен суу астында калды.
Бул ирет жалпы зыяндын көлөмү болжол менен 500 миллион доллар деп бааланууда.
Тайландда селден 2 миллионго жакын адам жабыркады. Өлкөнүн саламаттык сактоо кызматтарынын айтымында, беш адам каза болуп, төртөө жаракат алды.
Малайзия да бир нече штатты суу каптап, 2 500дөн ашык адам эвакуацияланды. Бул тууралуу 24-ноябрда Мамлекеттик социалдык камсыздоо департаменти билдирди.
Окумуштуулар климаттын ысышы Түштүк-Чыгыш Азияда бороон-чапкындарды жана нөшөрдү күчөтүп жатканын эскертишет.
Шерине