Президенттин администрациясы 10 айдай гана иштеген Эркин Чечейбаев эмне себептен кызматтан алынганы тууралуу түшүндүрмө берген жок. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков саламаттык сактоо министри кызматына Каныбек Досмамбетов кандай жагдайда тандалганын түшүндүрдү.
Ал Фейсбуктагы баракчасына Досмамбетов буга чейин өзүн реформатор катары көрсөтө алганын, саламаттык сактоо тармагындагы коррупцияны жоюп, реформа жасап, тартип орнотууга басым коерун жазды.
"Саламаттык сактоо министрлигине келген жаңы жетекчи бул тармактын ичинен эмес, башка тармактан дайындалды. Каныбек Досмамбетов мурда УКМКнын коррупцияга каршы кызматындагы жетекчилердин бири, ушул кезге чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеп иштеген. Ал кыска аралыкта облус боюнча бардык тармактарды терең анализдеп, олуттуу реформаларды жүргүзө алды. Натыйжада мурда коррупциялык жол менен жеке колдорго өтүп кеткен мүлктөр мамлекетке кайтарылды, ишкерчиликтеги ири коррупциялык схемалар жоюлду, бизнес ээлери расмий каттоодон өтүп иштей баштады. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы кен иштетүү көзөмөлгө алынып, тартип орнотулду. Инвесторлорду тартуу аркылуу социалдык имараттарды курууда салымы чоң. Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагы да терең реформага, олуттуу өзгөрүүлөргө муктаж. Ушул себептен улам буга чейин өзүн реформатор жана мыкты менеджер катары көрсөтө алган Досмамбетов министр болуп тандалды. Айрым сынчылар арасында “өзү врач болбосо кантип саламаттык сактоо министри болот?” деген пикирлер айтылышы мүмкүн. Бирок анын орун басарлары тармакты мыкты түшүнгөн, медицина системасында көп жылдан бери иштеген адистер болот. Ал эми Досмамбетов жетекчи катары саламаттык сактоо тармагында узак убакыттан бери түзүлүп калган коррупциялык схемаларды жоюп, тартип орнотууга негизги басым жасайт. Баарыбызга белгилүү болгондой, саламаттык сактоо тармагында клан-клан болуп бөлүнүү, ички интригалар өтө күчтүү. Мындай системаны анын ичинен чыккан адам өзгөртө албай турганын убакыт көрсөттү. Анткени ал кайсы бир топтун кызыкчылыгын коргоого аргасыз болот же кескин реформаларга бара албайт. Ошондуктан бул тармакка коррупцияга жол бербеген, эч бир топко көз каранды эмес, тартип орнотууга эрки жеткен министр келди деп айтууга негиз бар. Тартипке негизделген реформанын жыйынтыгын көп өтпөй эле эл өзү сезе баштайт деп ишендирип кетебиз",-деп жазды Орунбеков.
Мунун алдында коомдо Эркин Чечейбаевдин айрым билдирүүлөрү талаш-талкуу жаратып жаткан. Өзү кызматтан алынганы тууралуу үн ката элек. Май айында ага президент катуу сөгүш берген жана Чечейбаев соңку маектеринин биринде ошондон бери иш бөлмөсүндө отурбай, жер-жерлерди тынбай кыдырып иштеп жүргөнүн айтып берген.
Деген менен соңку дайындоо талкуу жаратты. Жарандык активист Мавлян Аскарбеков жарандык кызматтарга күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү тандалып жатканын сынга алды.
"Негизи күч органдарындагы адамдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга келбеши керектигин буга чейин деле айтып келгем, дагы деле кайталап кетем. Бир топ жыл күч органдарында иштеген адамдар бул кесиптик деформацияга дуушар болгон адамдар. Бул психологияда жана дүйнөлүк тажрыйбада такталган нерсе. Күч органдарынын өкүлдөрүн түздөн түз эл менен иштей турган мамлекеттик же муниципалдык кызматтарга коюу чоң жаңылыштык. Тилекке каршы, биз көрүп жатабыз, өмүр бою прокуратурада, Жаза аткаруу кызматында, УКМКда иштегендерди чоң-чоң саясий кызматтарга алып келип жатышат. Мунун баары бийлик айтып жаткандай жыйынтык алып келбеши турган иш. Кандайдыр бир эксперимент жасап жатышат окшойт, бирок андай болбошу керек. Саламаттык сактоо тармагына ушул тармактын өзүнөн болобу, же жарандык коомдон болобу, реформатор, жаңыча көз караштагы адамдар келсе оңдойт. Күч органдарынан келген адамдардын салым кошуп, оңдорунан, реформа кыларынан күмөнүм бар".
Соңку дайындоолордон улам өлкөдө мамлекеттик катчы алмашты. Бул орунда ушул жылдын май айынан иштеп жаткан Марат Иманкулов президенттин кеңешчиси болду. Анын ордуна буга чейин президентке кеңешчиси болуп жүргөн жазуучу, журналист Арслан Койчиев келди.
Соңку өзгөрүүлөр дегеле өлкөгө мамлекеттик катчы керекпи же жокпу деген талкууларга жем таштады.
Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев мамлекеттик катчы кызматы мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда негизделгенин, кийин жоюлуп кеткенин эстеп айтып берди:
"1990-жылдардын башында коммунисттик идеология жок болуп, анын баарын биз танып, Акаев баштап баары партбилеттерин ыргытып, коммунист эмеспиз дешкен. Ошол же илгеркиден дайын жок, азыркысы белгисиз болуп идеология бош калган. Аскар Акаев, Ишенбей Абдразаковдор отуруп алып ар кандай варианттарды сунушташкан. Ошондо талкуулап отурушуп мамлекеттик катчы деген кызматты киргизишкен. Ошондо АКШда мамлекеттик катчы деген тышкы иштер министри экен, биздики кандай болуп калат деп сурагандар чыкканбыз. Ошондо тышкы иштер министри өзүнчө болот, мамкатчы деген демократиялык замандын идеологиясын ишке ашырыш керек дешкен. Ошондо "Манастын жети осуяты" дегенди ойлоп чыгышкан. Манас толугу менен биздин идеологиябыз болушу керек, жалпы жонунан алышыбыз керек деп каршы чыкканбыз. Андан кийин Манастын миң жылдыгын өткөргөнбүз. Тилекке каршы Манастын жети осуяты элге сиңген жок. Курманбек Бакиевдин тушунда бул кызмат жоюлуп дагы кетти. Садыр Жапаров бийликкке келгенде бул маселе кайра козголуп, курултайчылар дагы козгоп чыгып, кайра ордуна келди. Адабиятты, маданиятты, социалдык тармактарды тейлеген, баш-көз болгон киши калбай калды, ошондой киши керек дегендей жүйөлөр айтылды".
Арслан Койчиев мамлекеттик катчы болгондон кийин бул кызматты буга чейин анын карачечекей кайнагасы Сүйүнбек Касмамбетов ээлеп турганын эстегендер болду. Жамин Акималиев бул орунга Арслан Койчиевдин келгенин туура көрөрүн айтты:
"Марат Иманкулов өзү эми органда иштеп жүргөн киши да. Мамкатчы болуп жарым жылдай иштеди го, өзү деле бул кызматта ыңгайсыз болуп, өзүн таппай жүрдү. Чынында мамлекеттик катчынын көркүн Сүйүнбек Касмамбетов чыгарды окшойт. Манасчынын уулу болгондон кийин Манас айтып, ырдап, комузун чертип, каада-салттын ийне-жибине чейин билген жигит экен. Ал бул кызматтан кеткенден кийин ордуна Иманкулов болду. Кечээ президенттин жарлыгын окуп алып, Арслан Койчиевди дайындаганда, менимче, коомчулуктун пикирин эске алса керек. Мен туура тандоо болду деп эсептейм. Ал адабият, маданиятка жакын киши экен. Азыр салт-нарк, уңгу жол менен дүйнөлүк бийиктикке жетебиз деп айтып жатышпайбы. Ага жетиш үчүн азыркы дүйнөдөгү жаңы нерселердин баарын, технологияларды колдонушубуз керек да. Мурдагыдай эле жайлоодо, боз үйдө жүрөбүз, көчүп жүрөбүз деген болбойт. Арслан Койчиев чет мамлекетте иштеп жашап калган, англис тилин билет. Ушулардын баарын эске алганда туура тандалдыбы деп ойлойм. Сүйүнбек Касмамбетов менен Арслан Койчиев бир тууган кайнага-күйөө бала экенин жакында эле билдим. Эми Койчиев кыргыз тарых-таржымалын, курулушун, азыркы жетишкендиктерди дагы билет".
Октябрь айында Садыр Жапаровдун “Улут деми – Уңгу жол (Тандалган сөздөр) деген китеби жарык көргөн. Бул китептин негизги түзүүчүлөрүнүн бири катары Арслан Койчиев көрсөтүлгөн. Ушул тушта бул китепке байланыштуу жер-жерлерде жыйын, жолугушуулар өткөрүлүп жатат. Мындан улам айрым байкоочулар ушул жаатта иштерди дагы күчөтүү үчүн бул кызматка Койчиев атайын тандалды деп эсептешет.
Президенттин Чүй облусундагы буга чейинки өкүлү Канат Жумагазиев бул кызматка ички иштер органдарынан келген жана анын дайындалышы дагы убагында талкуу жараткан. Анын ордуна президент бул облустагы өкүлү кылып буга чейин президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы болуп иштеген Азамат Осмоновду дайындады. Мындан улам анын тажрыйбасына, мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу суроолор болду.
Соңку өзгөрүүлөргө ылайык, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев кызматтан бошотулуп, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору болуп дайындалды. Аталган агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев ноябрда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп кеткен.
Элчибек Жантаевдин ордуна ким дайындалары азырынча белгисиз.
Талдоочу Төлөгөн Келдибаев облус башчысы кызматына дайындалып жаткандар тууралуу ойлору менен бөлүштү.
"Чынында өлкөгө губернатор, президенттин облустардагы өкүлдөрү деген кызмат керек. Бирок ага татыктуу адамдар дайындалып жатабы же жокпу деген суроо туулат. Эч нерсени түшүнбөгөн адамдар губернатор болуп жатат, милицияда иштегендерди коюп жатат. Кыргызстан агрардык өлкө, Ошко эле эмес, бардык облустарга эң биринчи чарбаны билген, агроном, ветврач, зоотехник өңдүү кесиби бар адамдар коюлса туура болмок. Өлкөнүн локомотиви, экономикасын көтөрө турган, элди багып, азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган тармагы - айыл чарбасы. Оштун губернатору негизинен ардак грамота, облустун ардактуу атуулу дегендей эле иш-чаралар менен алек болуп жүрдү. Кадр саясатындагы негизги каталардын бири губернатор, президенттин облустагы өкүлдөрү деген орундарга татыксыз адамдардын дайындалып жатышы. Алар баягы "үйдүн ээси, домовой" сыяктуу болуп эле отурушат",-деди Келдибаев.
Президенттин 1-декабрдагы дагы башка жарлыктарына ылайык, Бактыбек Бекболотов Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан алынып, ордуна УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Рустам Мамасадыков коюлду. Курванбек Авазов УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматына барды. Даниэль Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары - Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болду.
Азыркы курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев дагы күч органдарынан келген. Курулуш тармагын жетектей баштаганга чейин Ички иштер министрлигинде иштеген.
Шерине