Беларуста миңдеген киши дагы акцияга чыкты
Минск шаарында ишемби күнү Беларустун борборунда 10-август күнкү каршылык акцияларында мерт болгон Александр Тарайковский менен коштошуу иш-чарасы өттү. Эскерүүнү түз алып берип жаткан «Азаттыктын» беларус кызматы кабарлагандай, 34 жаштагы жаран каза болгон Пушкин аянтына бир нече миң киши чогулду. Алар алгач Тарайковский менен коштошуу зыйнатын өткөрүп жаткан анын жакындары жана туугандары чогулган зал турган көчө жакка келишти. Андан кийин аянтка барышты, маркумдун сөөгүн Минскинин батыш көрүстөнүнө алып кетишти. Акцияга милиция аралашкан жок.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 02, 2025Шайлоодогу мыйзам бузуу: Видео камера, добуш сатуу, 460 миң сом
-
Ноябрь 30, 2025Шайлоо-2025: Элдин күткөнү эмне?
-
Ноябрь 30, 2025Парламенттик шайлоо: өлкө ичинде жана тышында добуш берүү
-
Ноябрь 24, 2025Шайлоо алдында 10дой киши эки айга камалды
-
Ноябрь 23, 2025Шайлоого жакын саясатчылар жапырт кармалды