Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Путин украин аскерлери Донбасстан чыкпаса, аны күч менен аларын айтты


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 4-декабрда жарыяланган маегинде, эгер украин аскерлери Донбасттан чыкпаса, Москва аны күч менен аларын айтты. Киев мындай талапты четке кагып келет.

Донбасста Орусия колдогон жикчилдер менен украин армиясынын ортосундагы кагылышуулар 2014-жылы башталган. 2022-жылы Путин Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкан. Анда ал Киевди үч күндө алууну пландаган. Анткен менен украин армиясы төрт жылдан бери ар бир чарчы чакырым үчүн салгылашууну улантууда.

Донбасска Донецк жана Луганск облустары кирет.

"Биз бул аймактарды куралдуу күч менен бошотобуз же украин аскерлери бул аймактан чыгып кетет", — деди Путин Делиге сапарын утурлай India Today басылмасына курган маегинде.

Ал маектин үзүндүсүн Орусиянын мамлекеттик телеканалы көрсөттү.

Украина өз аймагын "белекке берүү" тууралуу сунушту акылга сыйбас деп эсептейт.

Азыркы тапта Орусия Украина аймагынын 19,2% көзөмөлдөйт. Анын ичинде 2014-жылы аннексияланган Крым, Луганск дээрлик толугу менен, Донецкинин 80% ашыгы, Херсон менен Запорожьенин болжол менен 75%, ошондой эле Харьков, Сумы, Николаев жана Днепропетровск облустарынын айрым тилкелери бар. Донецкинин болжол менен 5 миң чарчы километр жери Украинанын көзөмөлүндө.

Америка менен согушту токтотуу маселесин талкуулап жатып, Москва бир нече ирет Донбасс толугу менен Орусиянын көзөмөлүндө болушу керек деп билдирген.

2022-жылы Орусия "референдум" өткөрүп, анын жыйынтыгында Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарын өз аймагы деп жарыялаган.

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү бул аймактарды жана Крымды Украинаныкы деп тааныйт.

3-декабрда Путин Кремлде АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен жолугуп, Москва Американын айрым сунуштарын кабыл алганын жана талкуулар уланууга тийиш экенин айтты.

Шерине

XS
SM
MD
LG