Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:00

Шайназаров талапкерлердин теледебатка чыкпаганын сынга алды


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров үгүт маалында уюштурулган теледебаттарга айрым талапкерлердин катышпай койгонун жоопкерсиздик деп атады.

Бул тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, алдыда бул багытта иш-чараларды жүргүзүү керектигине токтолду.

"Жергиликтүү бийлик, Борбордук шайлоо комиссиясы, телеканалдар убара тартып уюштуруп жатат. Бул чоң иш. Ага карабай бул иш-чараларга катышпай койгон талапкерлерди өз уятына коёбуз. Мындан тышкары эл менен жолугушууларды уюштурганда да айрым талапкерлер барбай коюшту. Менимче, бул багытта дагы башка иш-чараларды көрүшүбүз керек", - деди Шайназаров.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого талапкерлер арасында мамлекеттик телеканалдардын аянтчаларында теледебаттарды уюштурду. Айрым талапкерлер бул берүүгө катышуудан баш тартып, айрым дебаттар жалгыз талапкер менен өтүп же катышуучулар жок болгонуна байланыштуу эфирге чыкпай калган учурлар болду.

Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү башталган. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеп жатат. Чет өлкөлөрдө 100 тилке бар жана Бишкек убактысы боюнча саат 8:00гө чейин 620 шайлоочу добуш берди.

Боршайком билдиргендей, шайлоого жалпы 460 талапкер ат салышууда жана бул жолу 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG