Логистикалык жактан маанилүү калаа үчүн айыгышкан салгылаштар бир нече айдан бери жүрүп жатат. Катардагы украиналыктар каршы тарап Покровскини алганынан күмөн санаганы менен, эгер ал чын болсо жагдай тынчтык сүйлөшүүлөрүнө таасир этерин белгилешет.
1-декабрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Париждеги Елисей сарайында Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен жолугушту. Орусия Украинага согуш ачкандан бери дээрлик төрт жылга жакындап калганда согушту токтотууну көздөгөн дипломатиялык аракеттердин дагы бир маанилүү аптасы башталды.
АКШнын Флорида штатында Вашингтон менен Киевдин делегациялары жолугуп, согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Америка тараптан сүйлөшүүгө президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер, Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Уиткофф жана мамлекеттик катчы Марко Рубио катышты.
28-ноябрда Украинанын Коррупцияга каршы улуттук агенттигинин жана Жемкорлукка каршы иштерди караган прокуратуранын өкүлдөрү Владимир Зеленскийдин администрация жетекчиси Андрей Ермактын үйүн тинтишти.
Украин президентинин таасирдүү администрация башчысы Андрей Ермак кызматтан кетти. Бир нече саат мурда эле өлкөнүн Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) жана Жемкорлукка каршы прокуратурасы Ермактын үйүндө жана кеңсесинде күтүүсүз тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.
Вашингтондо 26-ноябрда Ак үйгө жакын жерде ок атып, АКШнын Улуттук гвардиясынын эки жоокерин жарадар кылган кишинин теги ооганстандык экени айтылды. Шектүү кол салган учурунда өзү да жарадар болуп, кийин кармалганы маалымдалды. ,
Вашингтондогу шаршемби күнкү окуядан кийин Ак үйдүн тегереги толук курчалып, полиция иликтөө жүргүзүп жатат.
Өткөн жумада Американын тынчтык планы капысынан жарыяланып кеткенден кийин Европа мамлекеттери Москвага караганда Киевге ыңгайлуураак сунушун шашылыш иштеп чыгышты.
23-ноябрда Женевада Украинада урушту токтотуу боюнча сүйлөшүү жүрдү. Вашингтон менен Киевдин делегациялары жараянда "жылыш" бар десе, Кремль расмий маалымат ала электигин айтууда. Евробиримдик АКШ президенти Дональд Трамп белгилеген мөөнөткө чейин келишим түзүлөрүнөн күмөн санайт.
Ак үй Киев менен Женевадагы сүйлөшүүлөр Украинадагы согушту токтотууга багытталган “олуттуу жылышка” алып келгенин жана “жаңыланган ” тынчтык планын иштеп чыгууга көмөктөшкөнүн билдирди. Вашингтондун айтымында, документ Украинанын суверендүүлүгүн толук коргоп, адилеттүү тынчтыкты камсыздайт.
Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары АКШнын Украинадагы согушту токтотуу аракетин колдоп, бирок Вашингтон сунуштаган план кайра иштелип чыгууга тийиш экенин жарыялады. Алар 22-ноябрда Түштүк Африкадагы G20 саммитинде Кошмо Штаттардын тынчтык планын талкуулап, биргелешкен билдирүү таратты.
Дагы жүктөңүз