"Таза аба үчүн айылга, жайлоого чыгып кетишиң керек...". Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакуновдун бул сөзү кызуу талкууга түштү. Бишкектин тургундары суук башталганы борбор калааны кайрадан ыш каптап жатканына нааразы. Активисттер транспорт маселесин чечүү керек дешет.
10-ноябрда Бразилиянын Белем шаарында климат боюнча глобалдык жыйын башталды. Кыргызстандын делегациясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеп барды. Ал Бразилиядан курган маегинде Кыргызстан тоолуу аймактардагы өзгөрүүлөргө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Ош–Кара-Суу автожолунун кеңейтүү үчүн жол жээгиндеги 1200дөн ашык бак-дарак алынат. Алардын басымдуусу арча. Экологдор 18 чакырымдан ашык жолдун жээгинде бери дегенде он беш жылдык дарактар бар экенин айтууда. Райондук бийлик бак-даракты юашка жерге көчүрүү чечими кабыл алынганын билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Европанын колдоосу менен Украина басып алынган аймагын өзүнө толук кайтарып аларын билдирди. Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассемблеясында Украинадагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча сүйлөп, согушту токтотууга чакырды.
Өткөн айда орусиялык альпинист Наталья Ногавицинанын Жеңиш чокусунда бутун сындырып алып, 7200 метр бийиктикте калып кеткен окуясы кыргыз тоолорундагы альпинизм, андагы тагдырлар тууралуу кызыгууну күчөттү.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде палестин мамлекетин түзүү маселеси талкууланды. Парламенттин тармактык комитети Жогорку Кеңешти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү демилгесин колдоду. Кара-Жыгач айылында курулушта каза болгон үч адамдын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды.
Кыргызстанда “Нарын” жана “Казарман” аэропорттору ачылууда. Эки аймак тең тоолуу, каттам шарты катаал. 8-сентябрда биринчи жолу жүргүнчү учактары барды. Президент Садыр Жапаров дагы Нарынга учуп барып, аба майдандын оңдоп-түзөөдөн соң ишке берилишине арналган иш-чарага катышты.
Жаңы-Тилек - Нарындын Ак-Талаа районундагы карым-катнашы кылуу татаал болгон четки айылдардын бири.
Бишкектин четиндеги “Красный строитель” конушунун тургундары митингге чыгышты. Нааразылык акциясына чыккандар быйыл февралдан бери 52 үй-бүлө 2008-жылы сатып алган жерлеринин ээси экенин далилдей албай жатканын айтышты.
Президент Жапаров “Кумтөр” кени кеминде дагы 40-50 жыл кызмат кыларын белгиледи. Алытн кен мамлекетке өткөндөн бери эмне өзгөрдү жана ал кыргыз экономикасына дагы канча убакыт тирек болот?
Орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны издөөнү токтотуу тууралуу соңку чечим кабыл алына элек. Куткаруу операциясына эл аралык альпинизмдин өкүлдөрү кошулганы кабарланды. Жеңиш чокусуна дагы бир дрон учурулат. Буга чейин альпинистти куткаруу операциясы токтотулганы айтылган эле.
Дагы жүктөңүз