"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
"Азаттык" парламенттик шайлоодо көп добуш менен алдыга чыгып, биринчи жолу депутат болгону жаткандарды талдады.
Ички иштер министрлиги (ИИМ)кармалган мурдагы үч судьяга, прокуратура кызматкерине жана кылмышка шектүүнүн жактоочусуна карата Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" жана "сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу" беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Судьялар кеңеши 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыровдун буга чейинки кылмыш жазасын жеңилдеткен Бишкек шаардык сотунун мурдагы үч судьясын кылмыш жоопкерчиликке тартууга макулдук берди.
Бээжиндин башкы дипломаты Ван Инин Бишкектеги эки күндүк расмий сапары аяктады. Аны президент Садыр Жапаров кабыл алды, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугуп, эки өлкөнүн алака-катышы талкууланды. Вандын сапары кытай мигранттары аралашкан окуялар орун алган учурга туш келди.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эттин баасын негизсиз көтөргөндөр жоопко тартыларын эскертти. Атайын кызмат тиешелүү мекеме-органдардын өкүлдөрү менен бирге мунун алдында Бишкек шаарында эт сатылган ири жана чакан соода жайлардын ээлери менен жолугушууларды өткөргөн.
Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерине байланышкан соңку окуялар жалпы мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-туруму жана этикасына байланыштуу талкуу жаратты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда уруу-урууга бөлүнүп курултай өткөргөн көрүнүштөр токтошу керектигин айтты. Өлкө эгемен алгандан бери мындай учурлар көбөйгөн жана бул коомдогу бөлүнүп-жарылууга алып келери тууралуу сын айтылып келген.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика тармагы боюнча айткан сынына 14-ноябрда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде жооп берди. Атамбаев Жапаровдун энергетикалык каатчылык тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу үн каткан эле.
Башкы прокуратура мыйзамсыз табылган мүлктү конфискациялоо механизмин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, аны коомдук талкууга чыгарды. Бул демилге жеке менчик кол тийбестиги, күнөөсүздүк презумпциясы тууралуу талаш-талкуу жаратты.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эки талапкерин үгүт өнөктүгүнүн эреже-талабын бузган деп айыпка жыкты.
Алмазбек Атамбаев азыркы мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун соңку билдирүүсүнө, тактап айтканда энергетика тармагы тууралуу айткандарына комментарий берди. Ал Фейсбук баракчасына өз бийлигинин тушунда бул тармакта жасалган иштерге токтолуп, бул жаатта туура эмес маалымат берилип жатканын белгиледи.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктаганын билдирди. Анда 589 адам арыз тапшырганын, алардын 224ү аялдар экенин кабарлады. Боршайком ушул тапта каттоону улантып, айрымдарын шайлоого катышуудан четтетип жатат.
Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап жатат. Август айынан тарта эле АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 10 сомго өстү. Нефтетрейдерлер буга Орусиядагы майдын тартыштыгы жана күйүүчү майдын дүң баасынын көтөрүлүшү себеп болгонун билдирүүдө.
БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун планын кабыл алды. Ага ылайык, бардык тийиштүү иш-чаралардын баарынын мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылды. Президент Садыр Жапаров атайын кайрылуу жасап, бийлик шайлоонун таза өтүшүнө шарт түзөрүн билдирип, мамлекеттик кызматкерлерге аралашпоону эскертти.
Бишкектеги №1 тергөө абагындагы “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов ачкачылык жарыялаганын билдирди. Мунун алдында ишкер абактагы шартка, басым-кысым жана мазактоо тууралуу даттанган жана тиешелүү органдарга ачык кат жолдогон.
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын спикери Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин өзү өзү таркатуу чечими президент Садыр Жапаров менен кеңешкенден кийин кабыл алынганын билдирди. Ошол эле маалда жогору жактан көрсөтмө болбогонун белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти кезексиз таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдоду. Ага 84 депутат добуш берип, эч ким "каршы" добуш берген жок.
Дагы жүктөңүз