"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык «Эскерүү эстафетасы» бүгүн Бишкекте уланды. Акция буга чейин Минск, Баку жана Кишинев шаарларында өткөн. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламент аралык ассамблеясынын демилгеси менен уюштурулган. Иш-чаранын негизги бөлүгүндө Жеңиш аянтындагы Өчпөс оттон тамызгы алынып, атайын кутучага салынды. Эстафета талабына ылайык, бардык өлкөлөрдөн түбөлүк оттун тамызгылары Санкт-Петербург шаарына чогултулуп, 16-апрелде аларды бириктирүү салтанаты өтөт. Бүгүнкү салтанаттын алкагында согуш ардагерлери Жеңиш аянтынын тегерек-четине дарак отургузушту.
Бүгүн кыргыз коомчулугунда сауна дегенде көпчүлүктүн эсине мончодогу ысык буу эмес, денесин соодалаган кыздар жана капчыктуу аткаминерлер түшөт. Мунун да жөндүү себеби бар. Анткени мына минтип шаар түн жамынганда сауна деп аталган жайлар чыныгы жүзүн ачат. Бүгүн биз көмүскөдө аткаминерлер ээлик кылган Бишкек жана Ош шаарындагы сауна-мейманканалар тууралуу сөз кылабыз.
Бишкектин Ала-Тоо конушундагы 1,7 км жол бүтө элек жатып талкаланып, кайрадан салынууда. Шаар кеңеш депутаттары каражат максатсыз пайдаланганын айтышып, бул үчүн мэрияны айыпташууда.
Жогорку мамлекеттик кызматкер жоопко тартылышы үчүн канча мыйзамды бузушу керек? Ал эми коррупциялык схемалар үчүн жөн гана кызматтан алуу жазабы же сыйбы?
В Бишкеке прошел полуфинал конкурса красоты «Красавица Кыргызстана -2015».
Жалпы суммасы 386 миллион АКШ долларын түзгөн Кытай кредитинин негизинде Бишкек ЖЭБинде модернизация иштери башталды. Бүгүнкү күндө демонтаж иштерине 102 адам тартылган. Тендерди кытай компаниясы утканы менен жумушчулардын бардыгы кыргыз жарандары.
Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасы учурда оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып кеткен. Ал түгүл Бишкектин түндүк тарабынан өтүүчү айланма жолго да жакындап калган. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары маселе менен жеринде таанышып, аны тазалоо, тартипке келтирүү боюнча чараларды көрүүгө убада беришти.
Саркеч кийинген, жаңы технологияларды колдонгон жаштар мындан 100 жыл мурун кандай жүрүшкөн? Өткөн кылымдагы кыргыз жаштарынын айылдагы бир күнүн алдыбызга элестетип көрөлү. Сүрөттөрдө "Жаз" бий тобунун улан-кыздары.
Бишкектик укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкек шаарындагы Азербайжан элчилигини алдында акция өткөрдү. Ал ушул күндөрү кысымга алынып жаткан Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Бакудагы бюросунда иштеген кызматкерлерди колдоп Азербайжан бийлигинин бул аракеттеринен баш тартууга чакырды.
Бишкек Гуманитардык университетинин студенттери "Светти үнөмдөйлү" деген флэшмоб акциясын өткөрүштү. Алар жатаканасынын терезелеринин жардамы менен "Светти үнөмдөө" деген жазуу жазышып, асманга чырактарды учурушту. Бул акция менен алар энергетикада оор абалды кечирип жаткан өлкө жарандарын электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырышты.
Көчмөндөр оюну: тойдун чыры уланууда
“Азаттык” видео сүйүүчүлөр арасында "МЕНИН БАЯНЫМ" аттуу сынагын жарыялайт.
Мындан бир жума мурун “Органик мырза” аталышта биофермерлер союзу түзүлгөн. Союзга кирген дыйкандардын продукциялары химикатсыз өстүрүлгөн.
Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Осмоналиев өзүнө тагылган айыпты четке кагууда.
3-ноябрда Бишкектеги Улуттук китепканада “Азаттыктын” журналисти Жаңыл Жусупжандын “Памирдеги кыргыздардын жашоосу” аттуу презентациясы өттү. Анда Кытай, Мургап кыргыздарынын турмушу учкай баяндалып, Жерге Тал тургундарынын маселелерине басым жасалды.
Нарымбаев: сотторду тандоо кеңеши парламенттин колунда
Бишкекте “Бир дүйнө – Кыргызстан” даректүү тасмалардын сегизинчи фестивалы башталды. Бул жылы фестивал БУУнун “Өнүгүүгө укук” калкасы алдында өтөт. Буга чейин фестивалга катыша турган даректүү тасмалар Кыргызстандын бардык аймагында көрсөтүлгөн.
Дүйнөгө дүңгүрөп теледен түшпөгөн Кырчын жайлоосунда азыр додо болуп үйүлгөн таштандыдан башка эч нерсе көрө албайсын. Бул эмне, азыркы көчмөндөрдүн "маданияттуулугунун" көрсөткүчүбү?
Дагы жүктөңүз