Баш калаада жер алдындагы көпчүлүк өткөөлдөрдүн абалы начар болгондуктан, аны менен баскысы келбей, чоң жолго чыккан жарандарды машине сүзүп кеткен учурлар аз эмес.
Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматы былтыр абактан бошогондордун беш пайызы кылмыш жасап, кайра кесилип кеткенин жарыялады.
Төрт жыл аралыгында 1600дөн ашуун техника дыйкандарга таратылган. Көбүнесе Беларустан алып келинген техника сатылат. Маселен, ”Беларус –МТЗ-82” үлгүсүндөгү трактордун баасы 1 миллион 180 миң сомдон арзан эмес.
Кыргызстанда Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул күзөт кызматы бириктирилген мекеме марттын этегинен тартып расмий ишке кире турган болууда. Ал Кайгуул милициясынын башкармалыгы деп аталмакчы.