Кумтөр кени боюнча “Центерра Голд” компаниясы менен Москвадагы сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктады.
Кыргызстанда саясий партиялардын чет өлкөдөн каржыланышын тыюуну күчөткөн мыйзам долбоор парламентке жөнөтүлдү.
Жогорку Кеңеш комитети жазында киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жүрүп жаткан тергөөнү өз көзөмөлүнө алды.
Ош прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиев Ошто ээн-эркин эле жүргөнүн, милиция аны издебей жатканын жабыркаган тарап айтып чыкты.
Эл аралык Transparency International уюму дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан 175 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээледи.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорун бекитүү создугуп жатат. Буга 18-октябрда өткөн ректорду шайлоо жараяны мыйзамсыз өттү деп, айрым талапкерлердин сотко кайрылганы себеп болгон.
Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы илимий борборду реформалоо боюнча өз концепциясын сунуштады.
Бишкектеги “Манас” аэропортун эл аралык хабга же транспорттук түйүнгө айландыруу долбооруна чет өлкөлүк сегиз компания кызыгууда. Алардын арасында буга чейин коомчулукта талкуу жараткан орусиялык компаниялар да бар.
Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинин имараты башка жакка көчүрүлгөнү жатат. Өкмөт бошогон имаратка Жогорку Сотту жайгаштырууну пландоодо.
“Ислам мамлекети” радикал уюшмасы Кыргызстан үчүн да олуттуу коркунуч жаратат. Бул тууралуу 22-октябрда Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө айтылды.
Кумтөр кенин улутташтыруу демилгеси кайрадан көтөрүлдү. Бул демилге президент Атамбаевдин Кумтөр боюнча мамлекеттик кызыкчылыкты коргоодо чечкиндүү чараларды көрүү чакырыгынан кийин айтыла баштады.
Кыргызстанга иш сапары менен келген Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өлкөдөгү орус тили маселесине көңүл бурду.
Осмонов: Жарандардын салык төлөө маданият төмөн
“Ислам мамлекети” тобуна каршы дүйнө өлкөлөрү коалиция түздү. 2001-жылы ооган талиптерине каршы коалицияда авиабазага орун берген Кыргызстандын бул ирет позициясы кандай болот?
Кыргызстан кышкысын Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Минскиде кыргыз-казак президенттери макулдашты.
8-октябрда Жогорку Кеңеш Бажы биримдигине тийиштүү мыйзам долбоорлорунун топтомун биринчи окууда жактырды.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстандын бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу боюнча жол картасын жактырды.
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстандын бирдиктүү экономикалык аймакка кирүү боюнча жол картасын жактырды.
Кыргызстандын акыйкатчысы убактылуу кармоо жайларында жүздөгөн адамдар мыйзамсыз камалып турганы боюнча баяндама жасады.
Бишкекте кыргыз-америка экономикалык форуму өтүп, анда эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жана инвестиция тартуунун жолдору талкууланды.
Дагы жүктөңүз