ЕККУ: “Талапкерлерге жана шайлоочуларга көп чектөө болду”
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары дагы көз салды. Жалпысынан 356 эл аралык байкоочу добуш берүү күнү 1180 шайлоо тилкесине барып, жараянга байкоо салды. Эл аралык миссия Кыргызстандагы парламенттик шайлоо натыйжалуу өткөнүн билдирип, ошол эле маалда талапкерлерге жана шайлоочуларга терс таасирин тийгизген көрүнүштөрдү дагы белгилешти. “Азаттык” ЕККУнун миссиясынын башчысы Тамаш Месеричке бир нече суроо узатты.