Ошто режиссер айымдардын кинофоруму өтүп жатат

Кинофорумдун баннери

Ош шаарында Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофоруму өтүп жатат.

Эл артисти Гүлсара Ажыбековага жана Эл аралык тоолор күнүнө арналган быйылкы кинофорумда эки программада 25 тасма көрсөтүлөт: “Айымдардын көз карашы” программасында Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан 16 тасма, “Экологиялык жана социалдык активизм” программасында тогуз тасма көрсөтүлмөкчү.

2-декабрда публицист, журналист Жамбы Жусубалиеванын “Клара Юсупжанова” аттуу китебинин бет ачары өттү. Америка Киноискусство институтунун (AFI) бүтүрүүчүсү Гүлжан Токтогул сценарий жазуу боюнча мастер-класс уюштурду.

Иш-чаранын экинчи күнүндө (3-декабрь) “Семетей” кинотеатрында “Экологиялык жана социалдык активизм” программасынын тасмалары көрсөтүлөт. Аларды Казакстандан келген кинорежиссёр, документалист Жанана Курмашеванын “Азия Оскары” аталган Asia Pacific Screen Awards (APSA) сыйлыгына катышып жаткан “Ата-Мекен” даректүү тасмасы жыйынтыктайт. Андан соң экологиялык маселелери боюнча экологдордун жана кинорежиссёрлордун катышуусунда панелдик талкуу болот.

Кинфорумдун үчүнчү күнү (4-декабрь) “Семетей” кинотеатрында “Айымдардын көз карашы” программасынын тасмалары көрсөтүлөт. Ар бир тасма көрсөтүлгөндөн кийин көрүүчүлөрдүн катышуусунда суроо-жооптор орун алат. Режиссер Актан Арым Кубат көрүүчүлөр менен жолугуп, мастер-класс өткөрөт.

Иш-чаранын төртүнчү күнү (5-декабрь) Ош мамлекеттик университетинин Башкы корпусунда “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фондунун изилдөө долбоорунун презентациясы өтөт. Актриса Жаңылай Исакова актёрдук чеберчилик боюнча мастер-класс өтөт.

Кинофорумдун жабылыш аземинде “Айымдардын көз карашы” жана “Экологиялык жана социалдык активизм” программасында көрсөтүлгөн тасмалардын арасынан мыкты деп табылган тасмаларга Калыстар тобу тарабынан I, II, III орундарга сыйлыктар, дипломдор берилет.

Быйыл жетинчи жолу уюштурулуп жаткан VII эл аралык Кинофорум Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин каржылык колдоосу, Ош мамлекеттик университетинин көмөгү менен өткөрүлүүдө.

Кинофорумдун негиздөөчүсү жана директору Асел Жураева.

"Азия чыгармачыл айымдарынын" коомдук фонду 2016-жылдан бери Айым-режиссерлордун эл аралык Кинофорумун өткөрүп келет. Кинофорумдун максаты айым-режиссерлорду бир аянтчада чогултуп, бири-бири менен пикир алмашып, коомдогу орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашып, алардын чечилиши жөнүндө ой-пикирлери менен бөлүшүүсүнө шарт түзүү.

Дагы караңыз

АКШ чабармандары Путинден кийин Зеленский менен жолугушары кабарландыӨзбекстанда каракалпакстандык эки активистке өкүм чыктыИндонезия, Шри-Ланка жана Таиландда суу ташкыны миңден ашуун өмүрдү алды