мазмуну
- Вашингтондо 26-ноябрда Ак үйгө жакын жерде ок атып, АКШнын Улуттук гвардиясынын эки жоокерин жарадар кылган кишинин теги ооганстандык экени айтылды. Президент Трамп кол салууну жек көрүү жана террордук акт деп атап, миграциялык саясатты кайра карап чыгууга чакырды.
АКШнын Улуттук гвардиясынын жоокерлерине ок атууга күбө болгондордун бири Рейтер агенттигине буларды айтып берди.
"Жакын барып карасам, күч кызматкерлери бир адамды жерге басып, кармап жатышыптыр. Автобус токтоочу жайдын айнектери талкаланыптыр. Ал жерде автоунаа жылгандан кийин жерде жаткан эки улуттук гвардиячыны көрдүк. Алардын бирине тез жардам көрсөтүлүп жатыптыр. Ал маалда аймак толук тосулган да эмес эле. Чынын айтсам, нес болуп калдык. Бир нече мүнөт өткөндөн кийин гана абалдын канчалык олуттуу экенин түшүндүк", - деди Вашингтондун тургуну Майкл Райан.
Вашингтон, 26-ноябрь, 2025-жыл.
Маалыматка караганда, жараат алган жоокерлер Батыш Виржиния Улуттук гвардиясынын мүчөлөрү. Алар Ак үйдөн бир нече көчө ары күзөттө жүргөн. Экөөнүн тең абалы оор.
Вашингтон полициясынын өкүлү Жефф Кэрролл окуя түшкү саат экиде болгонун жана кол салган адам кармалганын билдирди.
"Кылмышкер жалгыз окшойт. Ал курал көтөрүп, Улуттук гвардиянын жоокерлерине күтүүсүз ок аткан. Бирок башка гвардиячылар жана полиция кызматкерлери аны дароо кармап калышты".
Вашингтон шаарынын мэри Мюриэл Баузердин айтымында, Улуттук гвардиянын аскерлерине болгон кол салуу алдын ала даярдалган.
"Бул максаттуу кол салуу болгон" ,- деди ал журналисттерге.
Окуя болгон жер, Вашингтон 26-ноябрь, 2025-жыл.
АКШнын Адилет министрлигинин өкүлү Reuters агенттигине билдиргенине караганда, ок аткан киши 29 жаштагы Рахманулла Лаканвал. Маалыматтарга караганда, ал 2024-жылы АКШдан башпаанек алуу тууралуу өтүнүч берип, Трамптын администрациясы аны быйыл апрелде канааттандырган. Шектүү Америкага 2021-жылы сентябрда Ооганстанда бийлик талибдердин колуна өткөндөн кийин барган.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп кол салууну жек көрүү жана террордук акт деп атап, кылмышка шектүү колу менен кылганын моюну менен тартарын эскертти.
Бул окуядан кийин Трамп Жо Байдендин тушундагы Ооганстандан келгендерге карата миграциялык саясатты кайра карап чыгууга чакырды.
Дональд Трамп
"Биз азыр Байдендин тушунда АКШга кирген ар бир чет элдикти кайрадан текшеришибиз керек. Ошондой эле өз өлкөсүнө тиешеси жок же бул өлкөгө эч кандай пайда алып келбеген бардык чет өлкөлүктөрдү кетирүү үчүн керектүү чаралардын бардыгын көрсөк туура болот. Эгер алар биздин өлкөнү сыйлай алышпаса, анда аларга бул жерде орун жок. Америка террордун алдында эч качан башын ийбейт жана эч качан багынбайт".
Шаршемби кечинде Американын Жарандык жана иммиграция кызматы Ооганстандын жарандарына байланышкан бардык арыздарды кароо белгисиз мөөнөткө токтогонун жарыялады.
"Ооган жарандарына байланышкан бардык иммиграциялык арыздарды кароо белгисиз мөөнөткө токтотулду. Бул коопсуздук жана текшерүү протоколдору кайра каралып жатканын эске алып кабыл алынган чечим. АКШнын аймактык коопсуздугу жана америкалык жарандардын коопсуздугу биздин башкы милдет",- деп айтылат иммиграция кызматы тараткан маалыматта.
Буга удаа эле Трамптын администрациясы Улуттук гвардияны Вашингтондон чыгаруу тууралуу токтомдун убактысын дагы артка жылдыруу максатында федералдык аппелляциялык сотко кайрылды. Өткөн аптада сот Улуттук гвардиянын ордо калаада жайгашуусун мыйзамсыз деп тапкан, бирок президенттик администрацияга ал чечимге каршы арыздануу үчүн убакыт берген.
Дагы караңыз "Кыргыздар бир нече райондо турабыз". Лос-Анжелес мигранттын көзү менен
Колумбия округуна алгачкы ирет ушул жылдын август айында 800 жоокер жөнөтүлгөн. Кийинчерээк Улуттук гвардиянын жоокерлери Лос-Анжелес менен Чикагого да барган.
Мыйзамсыз мигранттарды кармоо, өлкөдөн чыгаруу рейддери АКШда Дональд Трамп быйыл жыл башында президенттик кызматка киришкенден кийин башталган.