Жаңылыктар | 24.11.2025 | Путиндин Бишкекке сапары: Мектептер онлайнга өтөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитине карата 25-27-ноябрь күндөрү айрым көчөлөргө чектөө киргизилип, маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады. Ошондой эле жолдогу тыгынды болтурбоо максатында мектептер жана окуу жайлар онлайн окутууга өтөрүн маалымдады.