мазмуну
- Улуу Британиянын улуттук агенттиги Кыргызстандагы “Керемет Банк” мыйзамсыз акча адалдоо схемаларына катышканын иликтеп, эл аралык санкцияларга кабылганын билдирди.
- Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров банктарга салынган санкцияларды далилсиз деп атап, эл аралык аудит өткөрүүнү айткан.
- “Керемет Банкка” байланышкан чырда орусиялык каржылык схемалар жана криптовалюта аркылуу санкцияларды айланып өтүү аракеттери аныкталганы маалым болду.
24-ноябрда президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын банктары менен кызматташпай коюу Кыргызстандын каржылык туруктуулугуна жана мигранттардын үй-бүлөлөрүнө зыян келтириши мүмкүн экенин айткан билдирүү жарыялады.
Буга чейин кыргыз президенти Садыр Жапаров быйыл январда АКШ “Керемет Банкка” санкция киргизгенин, бирок бир да факты көрсөтө алышпаганын, азыр да санкцияларды айланып өткөн факты жоктугун айткан.
Кыргызстанда ансыз да чуудан башы арылбаган банк ошондон кийин андан да татаал эл аралык чырдын бутасына кабылып, АКШ менен Британиянын "кара тизмесине" түшкөн.
Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча агенттиги мыйзамсыз акча адалдоо менен алектенген эл аралык түйүн санкциялардан буйтоо жана орус согуш операцияларын колдогон төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстандагы “Керемет Банкты” сатып алганын аныктаганын жарыялады. Бул тууралуу эл аралык Reuters агенттиги жазып чыкты. Анда агенттик полиция менен бирге “Туруксуздаштыруу” деп аталган масштабдуу операция жүргүзгөнү айтылат.
Британ агенттигинин сайтындагы маалыматка караганда, банк TGR жана Smart деп аталган кылмыштуу түйүндөрдүн ээлери менен байланыштуу Altair Holding SA компаниясынын колуна өткөндөн кийин Орусиянын согуштук-өндүрүштүк комплексин колдогон “Промсвязьбанктын” эл аралык төлөмдөрүн жүргүзүүгө жардам берген деп жазылган.
Дагы караңыз Британ агенттиги арам акчаны адалдаган түйүн "Керемет банкты" сатып алганын билдирдиКылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча агенттиктин директорунун экономикалык кылмыштуулук боюнча орун басары Сэл Мелки иликтенген түйүндөрдүн ишмердигинин масштабы банктарды сатып алып, алар аркылуу эл аралык кылмыштуу иштерди каржылоого чейин жеткенин айткан:
“Бүгүн биз бул түйүндөрдүн ишмердигинин масштабын ачыктай алабыз, коомубуздагы жүзү кара уюшкан кылмыштуулук менен мамлекет каржылаган иштердин ортосундагы чекти ажыратабыз. Бул түйүндөр көчөдө баңгизат сатып акча чогултуудан тартып банктарды сатып алууга жана эл аралык санкцияларды бузууга көмөктөшүүгө чейин акча адалдоонун бардык деңгээлинде иштейт”.
Британ агенттиги менен АКШнын Финансы министрлиги бул эки түйүнгө мурда эле көңүл буруп, алардын “накталай акчаны криптовалютага алмашып” иштегенин билдирген. Эл аралык ири операциянын алкагында 128 адам кармалган. АКШ орусиялык элитанын каржы агымдарын жашырууга көмөктөшкөнү үчүн эки түйүнгө санкция жарыялаган.
2024-жылдын декабрында Кыргызстандын Финансы министрлиги “Керемет Банктын” 75% акциясын Altair Holding SA деп аталган люксембургдук компанияга 6,5 млрд сомго сатканын жарыялаган. Министрлик банктын 97,45% акциясын андан жарым жыл мурдараак эле 8,5 млрд сомго жакын акчага сатып алган болчу.
Расмий маалыматтарда Altair Holding SA эл аралык инвестициялык компания катары сыпатталган. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, компания финансы системалары менен криптовалюта тутумдарын колдонуу аркылуу кылмыштуу каражаттарды адалдоо боюнча эл аралык схемаларды уюштуруп иштеген Георгий Россиге таандык болуп чыгат.
Быйыл августта Altair Holding SA эл аралык санкцияга кабылган.
Британ агенттиги “Туруксуздаштыруу” операциясынын алкагында арам акчаны адалдоо менен алектенген TGR жана Smart аттуу эки эл аралык түйүндүн ишмердигин иликтеген. Smart компаниясын Екатерина Жданова жана TGR компаниясын Георгий Росси жетектеген.
Эки түйүн тең киберкылмыштуулук, баңгизат жана курал-жарак аткезчилиги менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтор менен акча адалдоо боюнча кызматташып келген. Муну менен катар орусиялык кардарларынын финансылык чектөөлөрдү мыйзамсыз кыйгап өтүүсүнө жана алардын акчасын Британияга инвестицияоого жардам берип турган.
"Керемет Банктын" кесепети
Эксперттик чөйрөдө белгиленгендей, дүйнөдө төрт-беш санкциялык борбор бар. Эл аралык төлөмдөрдүн 38-39% доллар менен жүргүзүлгөндүктөн АКШнын OFAC мекемеси (АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы) эң таасирдүү болуп эсептелет. Андан кийин Евробиримдик турат, анткени эл аралык төлөмдөрдүн 33-34% евро менен жүрөт. Британиянын фунт стерлинги 6-7% менен үчүнчү орунда, ал эми Канада менен Жапониянын таасири 3-4% жетет.
Финансы тармагындагы эксперт, коопсуздук чараларынан улам атын ачык атабоону туура көргөн адис банктардын комплаенс кызматтары ар бир төлөм үчүн жооптуу экенин, аларды көзөмөлдөө Финансылык чалгын кызматы менен Улуттук банктын мойнунда турарын айтты:
“АКШ Финансы министрлигинин OFAC уюму мындай чара көргөндөн кийин криптовалюта менен төлөмдүн ортосунда байланышы бар экенин далилдеди окшойт. Бир төлөм менен экинчи төлөмдүн суммалары жакын болуп, анан бир мөөнөттө өткөрүлгөндөн кийин ошого шектүү деп далилдесе керек. Бирок ал үчүн Финчалгын кызматы же Улуттук банк комментарий берсе туура болмок. Биз үчүн кооптуу деп ойлойм. Байкасаңыз, бизде болгону 21 банк бар, ошонун төртөө санкцияга кирди. Бирок Батыш деле бизди толук бойдон мамлекет катары санкцияга киргизбей атат. Себеби алар да түшүнүп атат, эгерде мамлекетти толук бойдон киргизсе, анда айла жок бизди же Орусияга, же Түндүк Кореянын лагерине түртүп коёт. Ошондуктан банктарга бир-бирден ушундай чара көрөт. Бирок банктардын таасири бар. Ошол эле “Керемет Банктын” былтыркы жана быйылкы финансылык отчетун карасаңыз – киреше бөлүгү да, таза пайдасы да бир топ эле азайды. Анысы аз келгенсип, кыргыз банктары үчүн аны менен кызматташкан кооптуу болуп калат”.
Британиянын иликтөөсү жана “Керемет Банк” тууралуу маалыматтары боюнча Кыргызстандын Финансы министрлиги расмий позициясын билдире элек.
Бирок 24-ноябрда президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков “Фейсбуктагы” баракчасына дал ушул "Керемет Банктан" улам атайын билдирүү жазып, аталган банкка киргизилген санкциялык чектөөлөр боюнча жооп берди.
Анда Орунбеков Орусиянын банктары менен кызматташпай коюу Кыргызстандын каржылык туруктуулугуна жана мигранттардын үй-бүлөлөрүнө зыян келтириши мүмкүн экенин айтты:
“Бүгүнкү күндө Орусияда 1 миллионго жакын мигранттар, мекендештерибиз иштеп жүрүшөт. Алар күн сайын Кыргызстандагы туугандарына миллиарддаган рубль акча каражаттарын ошол эле Сбербанк жана башка банкттар аркылуу жөнөтүшөт. Бул рубль Кыргызстанда конвертацияланып, мигранттардын туугандарына сом менен берилет. Рубль болсо кайра эле Орусияга товар сатып алуу үчүн жөнөтүлөт. Кантип? Биз, Кыргызстан Орусиядан мунай, газ, металл, буудай, азык-түлүк түрлөрүн, курулуш материалдарын сатып алабыз”, - деген Орунбеков Кыргызстандагы банктарды Орусиянын банктары менен кызматташып жатасыңар деп Батыш мамлекеттеринин санкция киргизишин өлкөнүн өнүгүп келаткан экономикасына "бут тосуу, жамандык жасоо" катары баалаган.
Ал эми "арам акча адалдаган түйүн сатып алды" деген дооматка Орунбеков өз билдирүүсүндө жооп берген эмес.
Дагы караңыз Орунбеков "Керемет банкка" байланышкан чууга түшүндүрмө бердиАзыркы учурга карай жалпысынан төрт кыргыз банкы эл аралык санкцияга кириптер болушту. “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.
"Бир дагы факты жок"
“Керемет Банк” быйыл январда Вашингтондун, февралда Лондондун санкцияларына кабылган. Кыргыз бийлиги банкка байланыштуу чечимди "негизсиз" деп атап, аны “кара тизмеден” чыгарууга бир кыйла жан үрөгөн.
Президент Садыр Жапаров кыргыз банктарына салынган санкциялар далилсиз экенин, АКШ менен Улуу Британия банктардын күмөндүү иштерине "бир дагы факты көрсөтө албай жатышканын" айткан. Ал "Бул жакта олтурган НПОчулар менен биздин ички душмандар анонимдүү жалган маалыматтарды жиберишкен" деп билдирген.
Жапаров сентябрда өткөн БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөндө кыргыз банктарын (“Капитал Банкты” кошо) тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган:
“Кыргызстан банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшертүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даярбыз. Бизди силерге караганда Орусия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат. Ошондуктан экономикалык жактан алганда Орусия менен кызматташпай коё албайбыз. Биз башкалар менен тирешүүнү каалабайбыз. Биз дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзүп жатабыз. Мисалы, биз ошол эле Англияга жылына 1 млрддан ашык долларга алтын сатабыз. Менин өлкө президенти катары биринчи милдетим – жарандарымдын жана өлкөмдүн коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык абалын жогорулатуу. Биз экономикалык кызматташтыкты жана сооданы саясатташтырууга каршыбыз. Ошондуктан эки банкыбызга салган санкцияларды тез арада алып салууну талап кылабыз”.
Британ агенттигинин иликтөөсү санциялардан кыйгап өтүү схемасына катышкан молдован олигархы Илан Шорду да “Керемет Банкка” байланыштырган. Шордун төлөм кызматтарын көрсөткөн А7 компаниясы акча адалдоого колдонулуп жатканы белгиленген. Иликтөөдө А7 менен “Промсвязьбанк” А7А5 деп аталган токенди ишке киргизгени жана А7ге байланыштуу түйүндөр санкцияларды кыйгап өтүү үчүн эл аралык төлөмдөрдү жүргүзүүгө багытталганы божомолдонгон.
Эл аралык Financial Times басылмасы 25-июнда жарыялаган макаласында быйыл февралда Кыргызстандын аймагында Grinex аттуу криптобиржа уюшулганын, анда A7A5 аттуу стейблкоин соодага жүгүртүлгөнүн билдирген. Басылма биржа иштеп баштаган төрт айдын ичинде рублге байланган санариптик валюта менен 9 млрд долларды айлантууга жетишкенин маалымдаган.
Басылма өз иликтөөсүндө Орусиядагы Garantex криптобиржасы санкциялардан буйтоо үчүн Кыргызстанга жер которгонун, анын артында күмөндүү иштерде аты аталган Шор турарын билдирген.
“Азаттык” да Илан Шордун Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 аттуу токенди же стейблкоинди сатыкка чыгарганын жазган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстан USDKG чыгарды. Калган криптовалюталардын артында ким турат?