Эл арасында жүгүртүүдөгү экинчи акча саналган АКШ валютасы дагы көтөрүлөөрү жөнүндө айың кеп тарап, көпчүлүк адамдар сомду долларга айырбаштоо аракетин көрүүдө.
Улуттук валютанын куну түшүп жаткан азыркы күндөрү чет элден келген жана жергиликтүү товарларды сатуу жана сатып алуу кандай жүрүп жатат? Мал-жан менен жан баккан тоолуу Нарын аймагына акча жүгүртүүдөгү туруксуздук кандай таасир этүүдө?
Доллардын кымбаттоосу айрыкча коммерциялык банктардан АКШ валютасы менен насыя алгандарга зыянын тийгизди. Мындай жарандар бүгүнкү күндө насыяны эки эсе кымбат төлөп жатканын айтышып кейишүүдө. Ошол эле учурда айрым коммерциялык банктар доллардын жогорулоосун эске алып, насыя төлөөчүлөргө ийкемдүүлүккө барып жатышат. Бирок банктар шарттарын жеңилдеткени менен жарандар анын оң таасирин көрбөй жатат.
Экономист-адистер акча базардагы мындай кризистик кырдаалдан Кыргызстан атамекендик өндүрүшүн көтөрүү аркылуу гана чыга алат деп эсептешет.
-
Токтосун Шамбетов
"Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan
-
Зайырбек Ажыматов
"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан.
-
Мирлан Кадыров
"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. -
Самат Жумакадыров
“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.
-
Эрнист Нурматов
"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.