Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:32

Азил: Акмолодон Нураке шаары башталат


Казакстандын ордо шаары.
Казакстандын ордо шаары.

Казакстандагы байтакты шаардын атынын өзгөрүшүнө байланыштуу соңку саясий окуяларга замандаштарыбыз ар кыл азилдерди жазууда. "Күлкү кербендин" кезектеги чыгарылышы.

 

* * * * ** ** 

- Мен бир уктап ойгондум эле, көнгөн президентим жок!.. Анан дагы бир тук эттим эле, “Астанам” жок!..  Эми эч уктабас болдум!..

 * * * * ** ** 

- Казакстандын ордо шаары эми “Астана” деп аталбай калды.

- Кайрадан Акмоло шаары деп тарыхый атын беришиптирби?

- Жок. Мурдагы президентин атынан “Нурсултан” деп аташыптыр.

- Ка-ап!.. Биротоло кыскача, эркелетип “Нураке” дешсе болмок экен да-а...  Тамгага да үнөм болмок...

* * * * ** ** 

Алматыда...

- Бүгүн Нурсултанда алай-дүлөй бороон болуп турат!.. – деп көгүлтүр экранда аба ырайы маалымдалууда.

- Эмне, аялына же кызы Даригага ачуусу келип жатабы? – деп күйөөсүнөн зайыбы сурайт имиш.

* * * * ** ** 

- Урматтуу Мажилис депутаттары! Менде жакшы сунуш бар: Астана – Нурсултан шаары болуп калды. Аны менен чектелбейлик. Мындан ары Алматы шаарын “Нурсулты” деп атасак, Шымкентти – “Нуркент” десек, атактуу Түркстан шаарын “Нурстан”, Актау шаарын – “Нуртау” деп атайлык. Бул сунушту мен айтканымды да тарыхка жаза салсаңар!..

- Агатай, жок дегенде бир калааны Токаевдин атына калтырып койсок жакшы болмок ко?..  

* * * * ** ** 

- Коңшу Монголияда акча “тугрик” деп аталат экен.

- Аны билебиз гой. Эмнеге айтып калдың?

- “Нурик” деген болочокку акча бирдигине уйкаш болобу дейм да?

* * * * ** ** 

Актау шаарынан Астанага карай чыккан поюз жүргүнчүсүнө текшерүүчү опурулду:  

- Кошумча төлөшуңүз керек, агатай!

- Эмнеге, чырагым?

- Сиз башка эски бир шаарга белет алыпсыз, биз бара турган темир жол бекети – Нурсултан шаарына таандык.

* * * * ** ** 

- Министр Даурен Абаевдин: “Астана Опера", "Астана-Арена", "Астана" телеканалдарынын аталыштары өзгөрбөйт. Ошондой эле өз аталыштарын Air Astana авиакомпаниясы, Astana Pro Team велокомандасы жана "Астана Арланс" спорттук командасы сактап калат. Биз дүйнөгө таанылган "Астана" брендин жокко чыгарбашыбыз керек”, – деген оюна кандай карайсыз?

- Кыйшык карайм. Атакемди таарынтып алышыбыз мүмкүн! - деди Дарига.

- Анда бул министрибизди кызматтан кетирсекпи? – деп өкмөт башчы чекесин кашыды.

* * * * ** ** 

(Ар кыл интернет булактарынан). 

XS
SM
MD
LG