Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

Бишкекте курулуп жаткан стадиондун аталышы "Бишкек Арена" деп өзгөртүлдү


Бишкекте курулуп жаткан стадиондун эскиздик сүрөтү.
Бишкекте курулуп жаткан стадиондун эскиздик сүрөтү.

Бишкек шаарынын чет жакасындагы Орок айылында курулуп жаткан жаңы стадиондун аталышы өзгөртүлүп, "Бишкек Арена" деген ат берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

"Башында стадиондун аталышы "Азаттык Арена" деп бекитилген болчу. Бирок урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич калктын пикирин эске алып, жыйын өткөрүп, көпчүлүк элдин каалоосу менен жаңы аталыш "Бишкек Арена" деп расмий түрдө өзгөртүлдү. Бул — борбор шаарыбыздын өсүшүн, биримдигин жана жаңы тарыхый доорго кадам таштаган Кыргызстанды билдирген чоң символ", - деп жазды ал.

Туманбаевдин айтымында, курулуш 2026-жылдын август айында аяктап, ишке берилет.

Курулуп жаткан жаңы стадионго “Азаттык арена” деген аталыш берилгенин президенттин иш башкаруучусу өзү быйыл октябрда кабарлаган эле.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-августунда Ороктогу жаңы стадиондун курулушуна капсула салган. Ал үчүн айыл аймагынан 20,78 гектар жер бөлүнүп берилген. Курулуш башталганда анын жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун экени айтылган. Бир жылдан кийин орундардын саны 40 миңге көбөйтүлгөнү кабарланган.

Кеңейтилген долбоорго ылайык, стадион 51 миң орундуу болот деп мерчемделген. Курулуш өзүн актап, киреше таап туруусу үчүн анын курамында 40 миң чарчы метр аянтты түзгөн коммерциялык объекттер кошула турган болду. Анда дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук бренддер жайгашары кабарланды.

Баштапкы долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөрү айтылган. Анда ачык жана жабык VIP орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган. Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил машина жана 100 автобус токтотуучу жай бар. Эки кабат трибуна, анын астында жылуу жайлар, галереялар, оюн талаасы көрүнө турган жана баш калка боло турган курулмалар болот деп айтылган.

Бишкектеги азыркы Дөлөн Өмүрзаков атындагы жалгыз ири стадион 1941-жылы курулган. Ал 18 миң көрүүчүгө эсептелген. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG