Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:38

Грузия жыл башынан бери миңден ашуун чет элдик жаранды чыгарды


Ираклий Кобахидзе
Ираклий Кобахидзе

Грузиянын Ички иштер министрлиги 11 айда мыйзамсыз жүргөн деген негизде 1131 чет элдик жаранды өлкөдөн чыгарды. Мындай маалыматты грузин өкмөт башчысы Ираклий Кобахидзе келтиргенин "Эхо Кавказа" сайты жазды. Анын айтымында, келерки жылы 3,5 миңден кем эмес мыйзамсыз келгинди депортациялоо каралууда.

Премьер-министр ИИМдин программасына ылайык 3-4 жылдан кийин мыйзамсыз миграция маселеси толугу менен чечилерине ишендирди жана коопсуздук үчүн бул маанилүү экенин айтты.

Кобахидзе кайсы өлкөлөрдүн жарандары депортацияланганын тактаган жок.

Буга чейин бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы чет өлкөлүк жарандарды чыгаруунун жол-жоболорун жеңилдеткен. Эми чет элдиктерди нааразылык акцияларына катышуу эрежелерин бузганы үчүн депортацияласа болот. Грузияда ишке орношуу мыйзамдары да татаалдаштырылды.

Өлкөнүн бийлиги буга чейин нааразылык демонстрацияларына катышкан орусиялык жарандарды өлкөдөн чыгарган учурлар болгон.

Грузияда дээрлик бир жылдан бери өкмөткө каршы акциялар тынчыбай келет. Оппозиция бийликтин евроинтеграция жолунан тайганына нааразы болуп, «Грузин кыялы» жеңген парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деп эсептейт.


Шерине

XS
SM
MD
LG