Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:13

ЕККУнун байкоочулары Кыргызстанда шайлоо натыйжалуу өткөнүн, бирок чектөөлөрдүн терс таасирин белгиледи


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары Кыргызстандагы парламенттик шайлоо натыйжалуу өткөнүн, бирок үгүт кампаниясы учурундагы “чектөөлөр талапкерлердин жана шайлоочулардын активдүүлүгүнө терс таасир тийгизгенин” белгиледи.

ЕККУнун билдирүүсүндө “негизги эркиндиктер Конституцияда корголгону менен иш жүзүндө алар барган сайын чектелип жатканы” белгиленет.

“Бийлик талапкерлердин шайлоого катышуусун ашыкча көзөмөлдөп, “саясий ишмердик үчүн өч алууга туш болуудан чочулоо” шайлоочулардын кызыгуусун төмөндөтүп койду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Шайлоо алдында кыргыз бийлиги өнөктүк таза өтөрүнө ишендирип, мыйзам бузууларга жол берилбесин айтып келди.

«Шайлоочуларды ташуу, кошумча бюллетень чыгаруу деген жок. Бардыгы электрондук түрдө болот жана кагаз түрүндө да журналга түшүрүлүп турат”, – деп айткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев добуш берип жатып.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Жалпы 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.

Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты. Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси иштеди. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке, чет өлкөлөрдө - 34 мамлекеттин 89 шаарында жалпы 100 шайлоо тилкеси ачылган. Шайлоого 788 эл аралык байкоочу көз салары айтылган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG