Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:38

Шайлоо: БШК административдик ресурс колдонуу боюнча сегиз арыз түшкөнүн билдирди


Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо. 2025-жыл, 30-ноябрь. Бишкек.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо. 2025-жыл, 30-ноябрь. Бишкек.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жараяны өттү. Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет.

Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты. Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси иштеди. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке, чет өлкөлөрдө - 34 мамлекеттин 89 шаарында жалпы 100 шайлоо тилкеси ачылган.

Добуш берүү күнүн жыйынтыктап жатып Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров өнөктүк башталгандан бери шайлоо мыйзамдарынын бузулушу мүмкүн болгон фактылар тууралуу 269 билдирүү келип түшкөнүн билдирди.

Алардын ичинен үгүт шарттарын бузуу жөнүндө 124, талапкердин кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу тууралуу 37, административдик ресурсту колдонуу боюнча 8, добуш сатып алуу ыктымалдыгы жөнүндө 46 жана башка маселелер боюнча 54 билдирүү.

Ал эми добуш берүү күнү 67 арыз-билдирүү келип түшкөнү маалым болду, алардын 28и үгүт шартын бузгандыгы тууралуу, 18и добуш сатып алуу аракети боюнча.

Шайназаров БШКга келип түшкөн арыз-билдирүүлөр бардыгы мыйзам алкагында каралганын айтты.

Президент Садыр Жапаров добуш бергени барганда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бийлик бул саясий жараянды таза өткөрүүгө болгон шартты түзүп бергенин айтты. Бирок добуш сатып алуу аракеттери токтобой жатканын, аларга каршы күрөш жүрөрүн билдирди. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG