Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:52

Парламенттик шайлоо: Aлдыга чыккан талапкерлер


Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо. 2025-жыл, 30-ноябрь. Бишкек.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо. 2025-жыл, 30-ноябрь. Бишкек.

30-ноябрда Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо 30 округдан алдыга озуп чыккан талапкерлер тууралуу кыскача маалымат. Бул шайлоонун алдын ала жарыяланган жыйынтыгы экенин эске салабыз.

Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты.

Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси, мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеди. Чет жакта, 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо тилкеси ачылган. Бул маалыматтын баары баштапкы эсепке негизделген.

№ 1 округ

Чыңгыз Ажибаев - 18.18%

34 жашта. Лейлек районунда туулуп-өскөн. Кесиби боюнча юрист. 2014-2017-жылдары Башкы прокуратурада коомдук жардамчы, 2017-2021-жылдары Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасында тергөөчү болуп иштеген. 2021-жылы №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Анын атасы Ильяскожо Ажибаевдин кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланып, коомчулуктун талкуусуна түшкөн. УКМК кылмыштуу топтон баш тарттыруу иштери жүргөнүн кабарлап, алардын катарында Ажибаев да болгон. Чыңгыз Ажибаев жакындарынын криминал менен байланышы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Чыңгыз Ажибаев
Чыңгыз Ажибаев

Исманали Жороев - 15,12 %

48 жашта. Лейлек районунда туулуп-өскөн. Кесиби боюнча юрист, экономист жана курулуш адиси. 2009-2010-жылдары Президенттик аппаратта жетекчинин жардамчысы, 2010-2011-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси болуп иштеген. 2015-жылдан бери “Илек Строй групп” компаниясынын жетекчиси.

Исманали Жороев
Исманали Жороев

Камила Талиева - 9,33 %

53 жашта. Баткендин Лейлек районунда туулуп-өскөн. Кесиби боюнча филолог. Бир нече жыл Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштеген. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына “Ар-Намыс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Эки жыл өтпөй дал ушул партиянын квотасы менен вице-премьер-министр болуп, 2014-жылы алты ай Маданият министрлигин жетектеген. 2021-жылы Жогорку Кеңешке “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.

Камила Талиева
Камила Талиева

№ 2 округ

Ырысбек Атажанов - 23,59 %

50 жашта. Жогорку билимдүү. 2006-2009-жылдары Ички иштер министрлигинде иштеп, кийин жеке ишкердик менен алек болгон. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо №3 бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган.

Ырысбек Атажанов
Ырысбек Атажанов

Бактыяр Калпаев - 11.94%

32 жашта. Кесиби боюнча юрист. Эмгек жолун ишкердиктен баштап, 2014-2015-жылдары Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде, кийин Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда эмгектенген. 2016-жылдан тарта ишкердикке кайтып, “Партнер”, “Бак-Строй-Талас” жана “Комфорт Хаус” курулуш компанияларын жетектеген. 2024-жылы №2 Баткен округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо депутат боллуп шайланган.

Бурун Аманова - 8.69%

56 жашта. Жогорку билимдүү. Жеке ишкер, туризм тармагында иш алып барат. 2021-жылы мартта Жогорку Кеңешке “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен депутат болгон. 2020-жылда жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясы менен катышкан.

Бурун Аманова
Бурун Аманова

№ 3 округ

Равшанбек Рысбаев - 19.27%

49 жашта. Жогорку билимдүү. Алгач ишкердик менен алектенип, 2012-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. 2014-2021-жылдары өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеген. 2021-жылы апрелден декабрга чейин КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган. 2021-жылы №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоого катышып, экинчи орунду ээлеген. Шайлоодо утуп мандат алган депутат Өмүрбек Бакировду 2022-жылдын аягында добуш сатып алууга айыптап, сотко кайрылган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, Бакировдун мандаты алынган жана анын ордуна 2023-жылы депутат болуп келген.

Равшанбек Рысбаев
Равшанбек Рысбаев

Жаныбек Аматов - 10.80%

36 жашта. Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтун аяктаган. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында билимин өркүндөткөн. Кызыл-Кыя балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде самбо боюнча машыктыруучу болуп иштеген. Самбо боюнча эмгек сиңирген спорт чебери. 2020-жылдан бери Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин үч жолку чакырылышына депутат болуп шайланган. 2024-жылдан тарта шаардык кеңештин төрагасы болуп турган.

Жаныбек Аматов
Жаныбек Аматов

Махабат Мавлянова - 7.30%

50 жашта. Жогорку билимдүү. Көп жылдар бою ишкердик менен алектенген. 2015-жылы “Республика – Ата Журт” партиясынын тизмеси Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого “Биримдик” саясий партиясынын тизмеси менен талапкер болгон. 2021-жылдан бери ишкердик менен алектенет.

№ 4 округ

Советбек Рустамбек уулу - 20.35%

49 жашта. Ноокат районунда туулуп-өскөн. Жогорку билимдүү. 1993-2021-жылдары ишкердик менен алектенген. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо “Бир бол” партиясы менен шайлоого катышкан. 2024-жылы “Ишеним” партиясынын тизмеси менен мандат алган.

Советбек Рустамбек уулу
Советбек Рустамбек уулу

Уланбек Жаанбаев - 17.09%

38 жашта. Ноокат районунда төрөлүп өскөн. Жогорку билимдүү. Алгач ишкердик тармагында жүрүп, 2013-2023-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын ар кайсы тармагында эмгектенген. 2023-жылдан бери ишкердик менен алектенет. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун бир тууганы.

Уланбек Жаанбаев
Уланбек Жаанбаев

Нилуфар Алимжанова - 7.29%

34 жашта. Ноокат районунда туулуп-өскөн. Жогорку билимдүү. Эмгек жолун 2016-жылы Улуттук статистика комитетинин башкы экономисти болуп иштеп баштаган. Кийин Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинде (АРИС) эмгектенген. 2021-жылы "Альянс" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Нилуфар Алимжанова
Нилуфар Алимжанова

№ 5 округ

Элдар Сулайманов - 36.63%

40 жашта. Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган. Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу. Эмгек жолун “Электр станциялар” ишканасынан баштап, кийин Финансы полициясында, Мамлекеттик каттоо кызматында, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. Соңку жылдары жеке ишканаларда иштеп жүргөн. Саясатка 2021-жылы аралашып, Ош шаардык кеңешине “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышып, депутат болгон. Ушул эле жылы парламенттик шайлоодо "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен келип Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Элдар Сулайманов
Элдар Сулайманов

Азамат Исираилов - 18.05%

36 жашта. Жогорку билимдүү. Эмгек жолун 2013-жылы Кара-Суу районундагы “Карасуу-Дан-Азык” компаниясында юрист болуп иштѳѳдѳн баштаган. Кийин Аламүдүн райондук администрациясында башкы адис болуп эмгектенген. 2020-2021-жылдары Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгында башкы адис болгон. 2021-жылы “Альянс” саясий партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Азамат Исираилов
Азамат Исираилов

Айгүл Ахмедова - 10.20%

47 жашта. Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетин аяктаган. Жеке ишкерлик менен алектенет. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматовдун жубайы.

Айгүл Ахмедова
Айгүл Ахмедова

№ 6 округ

Алтынбек Кудайбердиев - 26.80%

50 жашта. Жогорку билимдүү. Ош шаарындагы окуу жайларда мугалим болуп иштеген. 2007-жылдан тартып финансы тармагында, Финансы министринин орун басары болуп иштеген. Эмгек сиңирген экономист.

Алтынбек Кудайбердиев
Алтынбек Кудайбердиев

Бекмурза Эргешев - 17.48%

51 жашта. Жогорку билимдүү. Ош гуманитардык педагогикалык институтунда окутуучу, машыктыруучу, Ош шаардык Каратэ федерациясынын президенти, спорт мектебинин директору болуп иштеген. 2012 -2021-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, бюджеттик комитетти жетектеген. 2020-жылдын 17-декабрынан бери Ош шаардык “Жылуулук менен камсыздоо” муниципалдык ишканасынын директору кызматын аркалган. 2024-жылы Ош округунан Жогорку Кеңешке шайланган.

Бекмурза Эргешов
Бекмурза Эргешов

Санталат Аманова - 6.74%

50 жашта. Алай районунда туулуп-өскөн. Кесиби - мугалим. Ош шаарындагы бир катар окуу жайларда, ОшМУда катардагы окутуучудан тартып, жооптуу кызматтарга чейин иштеген. Кыргыз-түрк достугу мектебин жетектеген. Ош шаарынын мэриясында социалдык өнүктүрүү бөлүмүн жетектеп жүрүп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлыгына дайындалган. Учурда Ош шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары.

Санталат Аманова
Санталат Аманова

№ 7 округ

Алишер Козуев - 41.45%

41 жашта. “Россия нефть” компаниясынын негиздөөчүсү. Буга чейин ишкерлик менен алектенген Козуев 2020-жылдагы шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан. Ал негиздеген “Россия нефть” компаниясы Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова менен бизнес өнөктөш экенин журналисттер иликтеп чыккан. 2021-жылдагы шайлоодо "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

Алишер Козуев
Алишер Козуев

Илимбек Кубанычбеков - 15.47%

30 жашта. Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык ординатурасында окуган. 2021-жылдан тартып Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде окуйт. Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңешинде депутат болгон. Бишкек шаарында №5 шаардык стоматологиялык клиникасында эмгектенген. Жогорку Кеңеште депутаттын жардамчысы болгон. 2024-жылы №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болуп келген.

Илимбек Кубанычбеков
Илимбек Кубанычбеков

Гүлай Машрапова - 6.97%

69 жашта. Кесиби мугалим. Ош облустук, Ош шаардык жана Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыктарын жетектеп жүргөн.

Гүлай Машрапова
Гүлай Машрапова

№8 округ

Жанарбек Акаев - 23.58%

39 жашта. Алай районунда туулуп-өскөн. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Саясатка журналисткадан келип, 2015-жылы КСДПнын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ага чейин ошол кездеги президент А.Атамбаевдин басма сөз катчысы болуп иштеген. 2017-жылы Атамабаевдин өкмөтүнө катуу сын-пикирлерди айтып, кийин КСДП фракциясынын мүчөлүгүнөн чыгарылган. 2020-жылдагы талаштуу парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясын баштап чыккан. Кийин шайлоо тыянактары жокко чыккан. 2021-жылы "Альянс" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышып, депутат болгон.

Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

Улан Примов - 18.88%

47 жашта. Саясатка жеке ишкерликтен келген. Ош технологиялык университетин аяктаган. Алайдагы финансы бөлүмүндө эмгектенген. 2004-жылы Примов үй-бүлөсү ээлик кылган компанияларда жетекчилик кызматтарды аткарган. Аларга таандык “Пэрити Коал”, “Пэрити Коал Юг” , “Көмүр компаниясы” жана “Ош Пирим ОСкен” көмүр казат. Ал эми “Береке Кен” компаниясы гипс казат. Примовдун үй-бүлөсү “Ош прим” аттуу телеканалды негиздеген. 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына КСДП тизмеси менен, 2021-жылы №11 Алай шайлоо округунан депутат болуп келген.

Улан Примов
Улан Примов

Жылдызкан Жолдошова - 5.94%

65 жашта. Бишкек шаарындагы политехникалык институтунда жогорку билим алган. Окуу жайды аяктагандан кийин кесиби боюнча инженер болуп иштеп, кийин жетекчилик кызматтарды аркалаган. "Курманжан датка" фондунун төрайымы, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.

Жылдызкан Жолдошова
Жылдызкан Жолдошова

№ 9 округ

Азамжан Жалилов - 12.18%

43 жашта. Ош облусунун Өзгөн районунан. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Жеке ишкерлик менен алектенген. "Евростиль" ЖЧКсынын директору болуп иштеген. 2017-жылдан 2021-жылга чейин Өзгөн шаардык кеңешинин VI чакырылышынын төрагасы болуп турган. 2024-жылы Өзгөн шаардык кеңешинин VII чакырылышына депутат болуп шайланып, төрагалыкка келген.

Азамжан Жалилов
Азамжан Жалилов

Данияр Төлөнов - 11.07%

54 жашта. 2015-жылы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына "Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган. Кыска мөөнөт ичинде вице-спикерликти аркалап, кийин өз каалоосу менен кызматын тапшырган. Ага чейин 2008–2015-жылдары Ош облустук миграция жана жумуштуулук комитетинин төрагасы болгон. Ал эмгек жолу 1993-жылы ички иштер органдарында башталганын, жалпы жонунан он жылдай иштегенин "Азаттыкка" айтып берген. Жогорку Кеңештин бир канча жолку чакырылышында депутат болгон Арапбай Төлөновдун аталаш иниси. 2021-жылы №10 Куршаб шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланган.

Данияр Төлөнов
Данияр Төлөнов

Ыргал Кадыралиева - 3.82 %

44 жашта. Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин жана аталган университеттин аспирантурасын аяктаган. Мектепте мугалим, Ош облустук элге билим берүү башкармасында жетекчтөөчү адис, ошондой эле мектеп-гимназияда мугалим болуп иштеген. “Биз биргебиз” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү. 2010-жылы КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2012-жылы Жаштар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча комитетинин төрага орун басары болуп иштеген. Парламенттин мурдагы депутаты, маркум Санжар Кадыралиевдин бир тууган карындашы.

Ыргал Кадыралиева
Ыргал Кадыралиева

№ 10 округ

Курманкул Зулушев - 23.50%

54 жашта. Ош облусунун Өзгөн районунан болот. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. Прокуратура тармагына 2000-жылы келген жана 2007-жылга чейин Нарын, Чүй облустарында райондук прокуратурада, Транспорт прокуратурасында прокурордун жардамчысы, тергөөчү өңдүү кызматтарда иштеген. Андан кийин Зулушев прокуратурадан сот тармагына өткөн. 2007-2013-жылдары Чүйдүн Сокулук районунда судья, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болгон. Зулушев коомчулуктун калың катмарына 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда таанылган. Ошол жылы жайында ал төрагалык кылган, үч судьядан турган коллегия ошол кездеги Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын үч депутаты - Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду оор беренелер менен козголгон кылмыш ишинде актаган. Андан кийин кызматтан алынган. Зулушев 2015-жылдагы парламенттик шайлоого "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмеси менен барган. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин башкы прокурор болуп дайындалып, 2024-жылга чейин иштеди.

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

Сүйүн Өмүрзаков - 12.20%

53 жашта. Кара-Кулжа районунда туулуп-өскөн. 1989-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайда дене тарбия мугалими деген кесипке ээ болгон. 1996-жылы Беларустун Ички иштер министрлигинин академиясынан юриспруденция бөлүмүн бүтүргөн. Узак жылдар ички иштер органдарында иштеп, Ош шаардык, кийин облустук милицияны башкарган. 2016-2021-жылдары ички иштер министринин орун басары болуп эмгектенген. 2021-жылы "Ишеним" партиясы менен депутаттыкка шайланган.

Сүйүн Өмүрзаков
Сүйүн Өмүрзаков

Гүлнара Баатырова - 5.61%

62 жашта. 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. 1986-1988-жылдары Бишкектеги №2 шаардык клиникалык ооруканасында иштегени, 1988-2001-жылдары Кара-Суу районундагы борбордук бейтапканада терапевт, бөлүм башчы, жетекчи болгону көрсөтүлгөн. 2001-2013-жылдары Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна директор болгон. 2011-2021-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон. 2022-жылы саламаттык сактоо министри болуп, кийин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилигине барды.

Гүлнара Баатырова
Гүлнара Баатырова

№ 11 округ

Шаирбек Ташиев - 55.90%

49 жашта. Сузак районунда туулуп-өскөн. Жалал-Абад коммерциялык институтун “ишкер” адистиги боюнча, Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын "бизнес башкаруу" адистиги боюнча аяктаган. Москва шаарындагы Бажы академиясында да билим алган. Эмгек жолун Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жетектөөчү адис катары баштаган, кийин Бишкек шаарынын Октябрь райондук башкармалыгында, Мамлекеттик монополияга каршы комиссиясында ушундай эле кызматты аркалаган. 2003-2013-жылдары Жалал-Абад бажы башкармалыгында инспектор, улук инспектор, башкы инспектор, жетекчи орун басары болуп иштеген. 2015-2021-жылдары "Жалал-Абад” мунайды кайра иштетүүчү заводунда директор, 2016-2020-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутат болгон. 2021-жылы Жалал-Абад №14 бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңешке шайланган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.

Шаирбек Ташиев
Шаирбек Ташиев

Алтынбек Кылычбаев - 17,10%

48 жашта. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. Дене тарбия жана спорт институтунда окуп, Экономика жана ишкердик университетинен “экономика” адистигинде билим алган. Мындан сырткары Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктап, “юриспруденция” багыты боюнча экинчи жогорку билимге ээ болгон. 2011-2012-жылдары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде иштеген. 2015-жылы “Республика – Ата Журт” партиясынан парламенттик шайлоого катышкан. 2023-жылдан 2024-жылдын сентябрь айына чейин “Жалал-Абад” санаторийинде директордун орун басары болуп иштеген. 2021-жылы Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов мандатын тапшырган соң шайлоодо чыккан. Парламентте бир жылча депутат болду.

Алтынбек Кылычбаев
Алтынбек Кылычбаев

Венера Салямова - 11.09%

39 жашта. Кызыл-Кыя шаарында туулган. Прокуратура кызматкери. Соңку жылдары Жалал-Абад облустук прокуратурасында бөлүм башчы болуп эмгектенген.

Венера Салямова
Венера Салямова

№ 12 шайлоо округу

Бекмырза Чолпонбай уулу - 27.46%

25 жашта. Мамлекеттик юридикалык академиянын коллежин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин магистратурасын аяктаган. Башкы прокуратурада жарандарды кабыл алуу жана документ менен иштөө бөлүмүндө эмгектенген.

Чолпонбай уулу Бекмырза
Чолпонбай уулу Бекмырза

Таалайбек Масабиров - 16.12%

1966-жылы туулган. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин “филолог” адистиги боюнча аяктаган. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынан магистрликти окуп, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан юридика, Дипломатиялык академиясынан эл аралык мамилелер адистигин бүтүргөн. “Динамо” коомунда самбо күрөшү боюнча улук машыктыруучу болуп эмгек жолун баштаган, эгемендик жылдары ички иштер органында кызмат өтөгөн. “Түндүк” темир жол бажысында инспектор, улук инспектор, башкы инспектор болгон. 2005-2006-жылдары Токмок бажысын, 2006-2007-жылдары “Түндүк” темир жол бажысын, 2007-2008-жылдары Бишкек бажысын жетектеген. 2009-2010-жылдары Бажы кызматынын биринчи орун басары болуп эмгектенген. 2013-2015-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп кайрадан дайындалган. 2015-жылы “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен парламентке экинчи ирет депутат болуп келген.

Таалайбек Масабиров
Таалайбек Масабиров

Жылдыз Курманалиева - 4.29%

44 жашта. Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. Жалал-Абад шаардык жана облустук сотунда иштеген. Жалал-Абад шаары, Сузак, Москва жана Чүй райондорунда мамлекеттик нотариус кызматында эмгектенген. Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинде башкы адис, Жогорку Кеңештин аппаратында сектор башчы, эксперт болгон.

Жылдыз Курманалиева
Жылдыз Курманалиева

№ 13 округ

Бактыбек Сыдыков - 25.47%

55 жашта. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетин “инженер-механик” адистиги боюнча бүтүргөн, кийин Президентке караштуу башкаруу академиясын “мамлекеттик башкаруунун менежменти” адистиги боюнча аяктаган. “Трио-Б”, “Кыргыз-Дан-Азык”, “Кыргыз-Дан” компанияларын жетектеген. 2005-2007-жылдары Финансы министринин кеңешчиси, “Манас” эл аралык аэропортунун вице-президенти, 2007-2010-жылдары ушул аэропортто президент болгон. 2015-2020-жылдары “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2020-2021-жылдары кайрадан “Манас” эл аралык аэропортунун башкы директору-башкармалыгынын төрагасы, 2021-жылы “АККА” компаниялар тобунун башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси болгон. 2021-жылы №16 Ноокен шайлоо округунан Жогорку Кеңешке экинчи ирет депутаттыкка шайланган. Парламентте тармактык комитеттердин бирин жетектеп, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери болгон. Бакыт Сыдыков 2005-2006-жылдары президент Курманбек Бакиевдин администрациясын жетектеген Үсөн Сыдыковдун уулу.

Бактыбек Сыдыков
Бактыбек Сыдыков

Айбек Алтынбеков - 19.40%

47 жашта. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда туулган. Ош мамлекеттик университетинин юрист адистигин аяктаган. Өзү негиздеген “Жылдызбек” күзөт агенттигин жана башка “Золотой Орех” компанияларын жетектеген. Жергиликтүү кеңеште депутат болгон. 2015-жылы Жогорку Кенештин “Республика-Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланган. 2021-жылы Базар-Коргон бир мандаттуу округунан утуп келип, Жогорку Кеңешке шайланган.

Айбек Алтынбеков
Айбек Алтынбеков

Айгүл Карабекова - 12.46%

47 жашта. Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган. Жеке ишкер.

Айгүл Карабекова
Айгүл Карабекова

№ 14 округ

Болотбек Борбиев - 24.92%

1967-жылы Токтогул районунда туулган. Бишкектеги Политехникалык институтта инженер куруучу адистигин, Кыргыз мамлекеттик университетинде юриспруденция адистигин окуган. Юридика илимдеринин кандидаты. Эмгек жолун Бишкек шаарынын автоунаа инспекциясынан баштап, анын жетекчи орун басарлыгына жеткен, кийин Мамлекеттик автоунаа инспекциясынын Жалал-Абад облустук бөлүмүн башкарып, борбордук аппаратта да иштеген. 2007-2008-жылдары аталган инспекциясынын республикалык жетекчисинин орун басары, 2008-2010-жылдары анын жетекчиси болуп эмгектенген. 2010-жылдан 2011-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган. 2022-жылдан 2025-жылдын октябрына чейин Кыргызстандын АКШнын Чикаго шаарындагы башкы консулу болуп турган.

Болотбек Борбиев
Болотбек Борбиев

Кундузбек Сулайманов - 22.36%

1967-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. Бишкектеги политехникалык институтунда инженер-механик адистигине ээ болгон жана Кыргыз-Орус Славян университетинин юриспруденция адистигине сырттан окуган. 1990-жылдардын башында өндүрүштүк чөйрөдө инженер болуп иштеген, кийин 20 жылча ички иштер органдарында эмгектенип, Ош шаарында жол тескөө кызматын жетектеген. Ортодо он жылдай жеке ишкер болуп, 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, 2024-жылы анын фракциясынан чыгып, “Мекенчил” депутаттык тобуна кирген.

Кундузбек Сулайманов
Кундузбек Сулайманов

Гүлшаркан Култаева - 11.89%

54 жашта. Аксы районунда туулган. Ош технологиялык техникумун токуу өндүрүшү боюнча техник адистиги жана эсепчи адистиги боюнча бүтүргөн. Ош шаарындагы балдар бакчасында эмгек жолун баштап, кийин 20 жылдан ашуун ишкерлик менен алектенген. 2016–2021-жылдары Ош шаарынын шаардык кеңешинин депутаты болуп, 2021-жылдын ноябрында "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңешке шайланган.

Гүлшаркан Култаева
Гүлшаркан Култаева

№ 15 округ

Нурланбек Тургунбек уулу - 25.38%

48 жашта. Өкмөттүк "Эркин Тоо" гезитин, ЭлТР телеканалын жетектеген. 2010-жылдагы Апрель окуясына чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, кеңешчиси катары иштеген. 2010-2011-жылдары парламентке келген "Ата Журт" партиясынын квотасы менен маданият министри болгон. Кийин NewTV телеканалын бир нече жыл жетектеген. Тургунбек уулу 2021-жылы Аксы бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келип, бир нече депутаттар менен бирге “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясына кошулуп, кийин Бакыт Төрөбаев кызматка кеткенде ордуна фракциянын лидери болгон. 2022-жылдан 2025-жылы парламент төрагасы болду.

Нурланбек Тургунбек уулу
Нурланбек Тургунбек уулу

Азизбек Турсунбаев - 15.87%

59 жашта. Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. 2005-жылга чейин мамлекеттик жана жеке ишканаларда ар кыл жумуштарда иштеген. 2005-жылы Ала-Бука округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп, саясатка аралашкан. Эки жыл өтпөй ал кездеги бийликчил "Ак жол" партиясынын, ал эми апрель ыңкылабынан соң "Республика" партиясынын тизмесинен парламентке депутаттыкка шайланган. 2011-жылы бир жылга жакын Жалал-Абад облусунун губернаторлугун аркалаган. 2015-жылы "Кыргызстан" партиясы менен кайрадан Жогорку Кеңешке депутат болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары Азизбек Турсунбаевди өлкөдөгү бай адамдардын катарына кошуп жүрүшөт. 2021-жылы №18 Ала-Бука бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген.

Азизбек Турсунбаев
Азизбек Турсунбаев

Айсаракан Абдибаева - 5.91%

Кыргыз мамлекеттик университеттин экономика факультетин бүтүргөн. Азыркы Аксы, мурунку Жаңы-Жол районунда экономикалык-транспорттук мекемелерде ар кайсы кызматтарды аркалаган. Мамлекеттик мүлк фондунун борбордук бухгалтериясында, “Кыргызстан” , “РСК”, “Кыргыз Пром Строй”, “Аман Банк” банктарында эмгектенген. 2021-жылдын ноябрь айында “Ишеним” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болуп шайланган.

Айсаракан Абдибаева
Айсаракан Абдибаева

№16 округ

Дастанбек Жумабеков - 22.97%

49 жашта. Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты. 2010-жылы парламентке "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен шайланып келген. Аталган фракциянын лидери болгон. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында "Кыргызстан" партиясы менен депутат болуп келип, төрага болуп шайланган.

Дастанбек Жумабеков
Дастанбек Жумабеков

Медер Чотонов - 18.06%

36 жашта. КРСУнун Эл аралык мамилелер боюнча жогорку билим алган. Кытайдагы Ланчжоу мамлекеттик университетинде окуусун улантып, кийин Москвадагы Эл достугу университетинде билимин тереңдеткен.

Медер Чотонов
Медер Чотонов

Медина Кайрылбекова - 15.90%

41 жашта. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде, Украинадагы УПФИБ окуу жайында билим алган. 2009-жылы Манас орто мектебинде англис тили мугалими болуп иштеген. 2017-жылдан баштап өз алдынча ишкерлик менен алектенет.

Медина Кайрылбекова
Медина Кайрылбекова

№17 округ

Нурланбек Азыгалиев - 24.71 %

55 жашта. Кыргыз-түрк соода палатасынын мурдагы жетекчиси. 2021-жылы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына Жайыл шайлоо округунан өтүп келген. Вице-спикер болгон. Парламент тарардын алдында добуш берилген көп аялдуулук үчүн жазаны алып салуу мыйзамынын долбоорун жазган эки автордун бири. Документ талкуусуз кабыл алынып, президенттин каршылыгына туш болгондон кийин Азыгалиев мындай сунушту мыйзамдагы кылмыш жоопкерчилигине тартууга байланыштуу норма иштебей жатканынан улам көтөргөнүн билдирген. Нурланбек Азыгалиев ошондой эле “Чет элдик өкүл” тууралуу мыйзам долбоорундагы кылмыш жаза жоопкерчилигин алып салууну сунуштап, комитетке кайтарган депутаттардын бири.

Нурланбек Азыгалиев
Нурланбек Азыгалиев

Улукбек Узакбаев - 22.13%

38 жашта. Бишкекте туулган. Кесиби юрист. Кыргызстандын прокуратура органдарында ар кандай кызматтарда иштеген. Ысык-Көл, Өзгөн райондук прокуратураларында эмгектенген. Юстициянын подполковниги. “Смарт Лекс” юридикалык компаниясынын аткаруучу директору.

Улукбек Узакбаев
Улукбек Узакбаев

Чолпон Эсенаманова - 9.69%

45 жашта Жогорку Кеңештин аппаратында юрист болуп иштеген. Буга чейин парламентке 2015-жылы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен катышып, мандатынан баш тарткан. Кийин партия жетекчилигинин басымы менен мандатынан ажыраганын айтып чыккан. Мурдагы парламент депутаты Замирбек Эсенамановдун кызы.

Чолпон Эсенаманова
Чолпон Эсенаманова

№18 округ

Карим Ханджеза - 16.33%

43 жашта. 2021-жылы парламентке №23 Москва шайлоо округунан өтүп келген. Жеке ишкерлик менен алектенген. Кыргыз-Орус славян университетинин юридика бөлүмүн аяктаган. Бир катар жеке ишканаларда юрист болуп иштеген. “Кут-Билим” окуу борборунун жетекчиси болгон. Кыргызстан дунгандар ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы. 2015-жылы “Ата Мекен” партиясы менен депутаттыкка ат салышкан.

Карим Ханджеза
Карим Ханджеза

Бакыт Чомоев - 14.28%

36 жашта. Чүйдүн Сокулук айылынан. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. Үй-бүлөлүү, үч балалуу.

Бакыт Чомоев
Бакыт Чомоев

Гүлжан Сатиева - 10.64%

1981-жылы Москва районунун Ак-Суу (Беловодское) айылында төрөлгөн. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин чет тилдер факультетин 2004-жылы аяктаган. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Тилекмат орто мектебинде мугалим болуп иштеген. Айылдык кенешке депутат болгон. «СК Строй» ЖЧКсынын директору.

№19 округ

Медербек Алиев - 13.10%

1986-жылы Аксы районунда туулган. 2005-2010-жылдары Кыргыз-орус Славян университетинин юридика факультетинде окуган. 2007-2009-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинин алдындагы «Street law» юридикалык клиникасында, мектептеги жана медреседеги укук боюнча ыктыярчы-окутуучу болуп эмгектенген. 2010-2011-жылдары Бишкек шаардык жана Чүй облустук адвокаттар коллегиясында адвокаттын жардамчысы болуп иштеген. 2014-2017-жылдары Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинде иштеген. 2019-2020-жылдары Бишкек мэриясына караштуу Шаарды өнүктүрүү агенттигинде ар кандай кызматтарда, андан кийин Экономика жана инвестициялар департаментинин директору болуп иштеген. 2021-жылы «Ишеним» саясий партиясынын тизмеси менен парламенттин VII чакырылышына депутат болуп келген.

Медер Алиев
Медер Алиев

Абдылдабек Эгембердиев - 12.58%

33 жашта. Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде, Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында билим алган. “Инфокомдун” укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси болуп иштеген. Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жактарды жана күрөөлөрдү каттоо департаментинде эмгектенген. Вице-премьер-министрдин, Башкы прокурордун жардамчысы болуп турган. Өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү жана Аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү болгон.

Абдылдабек Эгембердиев
Абдылдабек Эгембердиев

Эдита Тайгараева - 3.30%

46 жашта. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган. Эл аралык укук башкаруу, финансы жана бизнес академиясында окуган. Балдар бакчасында тарбиячы, Сокулук райондук кеңешинде, мамлекеттик администрациясында башкы адиси болуп эмгектенген. Сокулук районуна караштуу Күнтуу айыл өкмөтүндө жооптуу катчы болгон.

Эдита Тайгараева
Эдита Тайгараева

№20 округ

Темирлан Айтиев - 29.05%

1999-жылы Жалал-Абад (Манас) шаарында туулган. Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Достук айылдык кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

Сеидбек Атамбаев - 12.31%

45 жашта. Бишкектеги Курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. “Автомаш-Энерго” ишканасынын жетекчиси. Мурда “Автомаш-Экол”, “Кыргызавтомаш” ишканаларында түрдүү кызматтарда иштеген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тун уулу. Атасы президент кезинде анын саясатка аралашканы байкалган эмес. 2019-жылы мурдагы президент камакка алынгандан кийин саясатка аралашууга аргасыз болгонун билдирген. Ал ошол жылдан 2021-жылдын февралына чейин Социал-демократтар партиясынын төрагасы болгон. 2020-жылы парламенттик шайлоого аны баштап чыккан. 2021-жылдагы шайлоодо Аламүдүн шайлоо округунан жеңип чыгып, депутаттык мандат алган.

Сеидбек Атамбаев
Сеидбек Атамбаев

Токтобүбү Ашымбаева - 4.02%

59 жашта. Кесиби мугалим. Көп жылдар мектепте мугалим, директор болуп иштеген. Эки ирет билим берүү министринин орун басары болгон. Акыркы мезгилде Ишеналы Арабаев атындагы университеттин алдындагы Педагогикалык коллеждин директору кызматын аркалайт.

№21 округ

Куванычбек Конгантиев - 33.56%

45 жашта. Бишкек шаарында туулган. Кесиби боюнча юрист. Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышына депутат болгон. Мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.

Куванычбек Конгантиев
Куванычбек Конгантиев

Жаныбек Абиров - 22.37%

37 жашта. Бишкек шаарында туулган. Кесиби боюнча юрист. Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышынын депутаты болгон. 2021-жылдагы шайлоодо Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, 2023-жылдагы Бишкектеги ресторандардын бириндеги жаңжалдан соң мандатын өз ыктыяры менен тапшырууга аргасыз болгон.

Жаныбек Абиров
Жаныбек Абиров

Жылдыз Садырбаева - 5.22%

55 жашта. Кочкор районунда туулган. Кесиби боюнча дарыгер. 1997-жылдан тарта ишкерлик менен алектенип, Бишкектеги дарыканалардын түйүнүн жетектеген. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын депутаттыкка шайланып, акыркы бир жыл вице-спикерликти аркалады.

Жылдыз Садырбаева
Жылдыз Садырбаева

№ 22 округ

Дастан Бекешев - 43.06%

42 жашта. Бишкек шаарында туулган. Саясатка аралашканга чейин Салык кызматы, Экономика министрлигинде иштеген. 2010-жылы “Ар-намыс”, 2015-жылы Социал-демократтар партиясынын тизмесинен депутат болгон. 2021-жылдагы шайлоодо дал ушул Бишкектин Свердлов округунан жеңип чыгып, үчүнчү жолу мандатка ээ болгон. Парламентте Бекешев эң активдүү депутаттардын бири катары таанылган. Ал бажыдагы коррупция, сөз эркиндигин чектөөгө алуу боюнча демилгелерге каршы чыгып келет.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

Болот Ибрагимов - 20.18%

36 жашта. Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Коомчулукка жол эрежесин бузгандардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген блогер катары таанылган. 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун коомдук кеңешчиси болгон. 2024-жылы “Эл үмүтү” партиясынын тизмеси менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Болот Ибрагимов
Болот Ибрагимов

Гуля Кожокулова - 3%

60 жашта. Бишкек шаарында туулган. Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн соң прокуратура тармагында эмгек жолун баштап, Бишкектин Ленин районунун прокурорлугуна чейин жеткен. Соңку жылдары сот системасын өнүктүрүү боюнча долбоорлордо эмгектенген. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган.

Гуля Кожокулова
Гуля Кожокулова

№ 23 округ

Элвира Сурабалдиева - 27.66%

47 жашта. Бишкек шаарында туулган. Кесиби боюнча эл аралык мамилелер боюнча адис. Атасы ишкер, депутат Жыргалбек Сурабалдиев киши колдуу болгон соң ишкерлик менен алектенген. 2015-жылы Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. 2021-жылы дал ушул Биринчи май районунун бир мандаттуу округунан жеңип, мандат алган. Сурабалдиева соңку чакырылыштагы парламентте бийликтин дарегине сын айткан депутаттардын бири болгон.

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

Марлен Маматалиев - 17%

44 жашта. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу. Эмгек жолун Социалдык фонддон баштап, кийин Экономика, Финансы министрликтеринде иштеген. 2009-2010-жылдары ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. Кийин өкмөттө иштеп, жеке ишкерлик менен алектенген. 2018-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика - Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2020-жылкы чуулгандуу парламенттик шайлоого бийликчил “Мекеним Кыргызстан” партиясынан катышкан. 2021-жылдагы “Ынтымак” партиясын Жогорку Кеңешке баштап барып, мандатка ээ болгон.

Марлен Маматалиев
Марлен Маматалиев

Умбеталы Кыдыралиев - 15.82%

58 жашта. Таш-Көмүр шаарында туулган. Кесиби боюнча юрист. Ишкерлик жана спорт тармагында алектенип, кийин мамлекеттик кызматка өткөн. Туризм жана спорт комитетинин жетекчисинин орун басары, Олипиадалык курама командаларды даярдоо борборунун жетекчиси, кийин Спорт комитетинин төрагасы болгон. 2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 2021-жылдан соң “Кыргызалтын” ишканасынын жетектесе, кийин “Кумтөр Голд” компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2024-жылдан бери Улуттук Олимпиада комитетинин президенти.

№ 24 округ

Жумабек Салымбеков - 22.19%

48 жашта. Ат-Башы районунда туулган. Чүй университетин, кийин Улуттук университетти бүткөн. “Дордой” базарынын негиздөөчүсү Аскар Салымбековдун агасы, парламенттин экс-депутаты Мамытбай Салымбековдун уулу. “Дордой” ассоциациясынын курамындагы бир нече ишканаларда жетекчилик кызматта иштеген. Бишкек шаардык кеңешинин беш чакырылышына депутат болгон. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо дал ушул Свердлов бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңешке шайланган.

Жумабек Салымбеков
Жумабек Салымбеков

Улукбек Карыбек уулу - 17.96%

35 жашта. Ош облусунун Чоң-Алай районунан. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкаруу жана бизнес институтун аяктаган. “Эхо Манас” телеканалында кабарчы, “Түшүнүк” телепрограммасынын автору, “Дил мүрөгү” маданий-адептик борборунда менеджер кызматын аркалаган. 2015-жылы “Замандаш” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болгон. “Марва” телеканалын жетектеген. Журналисттик иликтөөлөрү менен коомчулукка таанылган. 2021-жылы “Эл Үмүтү” партиясы менен паралмент шайлоосуна катышкан. 2024-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутаты болуп шайланган.

Улукбек Карыбек уулу
Улукбек Карыбек уулу

Гүлнара Акимбаева - 10.26%

54 жашта. Кесиби боюнча юрист. Узак жылдар бою прокуратура тармагында иштеп, Бишкектин Свердлов районунун прокурору болгон. Легендарлуу парламенттин депутаты Орозбек Акимбаевдин кызы. Агасы Сабырбек Акимбаев “Газпром-Кыргызстан” ишканасынын директорунун орун басары.

№ 25 округ

Бахридин Шабазов - 22%

41 жашта. Каракол шаарында туулган. 2005-жылы Кыргыз юридикалык академиясын аяктаган. “Элит Хаус” курулуш компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири. Бишкектеги "Премьер отель" мейманканасынын ээси. 2021-жылдагы шайлоодо “Ишеним” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Бахридин Шабазов
Бахридин Шабазов

Бакыт Тентишов - 15.55%

39 жашта. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “экономика жана ишканаларды башкаруу” адистигин аяктаган. Президенттин Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Эркин Тентишевдин уулу. Эмгек жолун “Транс Азия” ишканасында башкы директордун орун басары болуп баштап, кийин Салык кызматында иштеген. Акыркы жылдары үй-бүлөсү ээлик кылган Канттагы Тентишев атындагы Азия медициналык институтун жетектейт. 2021-жылдагы шайлоодо “Ынтымак” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Эркайым Сейтказиева - 7.05%

32 жашта. Өзбекстанда төрөлгөн. Билими боюнча жер адиси. Ал өкмөттүн алдындагы Жер ресурстары, кадастр, картография жана геодезия боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ага чейин Министрлер кабинетинин аппаратында эмгектенген. Соңку бир жыл Ысык-Ата районунун акиминин кызматын аркалады.

№ 26 округ

Медербек Саккараев - 22.35%

54 жашта. Кесиби боюнча агроном. 2021-жылга чейин ишкерлик менен алектенген. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Кемин округунан жеңип чыккан. Бирок БШК ага дароо мандат бербей, Саккараевдин Казакстандын жаран экени тууралуу маалыматты териштирген. Ал Кыргызстанда эки аялдуулукка жазаны алып салуу сунушун берген парламентарий катары талкууга түшкөн.

Медербек Саккараев
Медербек Саккараев

Эркинбек Исеналиев - 21.56%

1968-жылы туулган. Москва шаарындагы Ишкердик жана укук институтунун экономика факультетин аяктаган.

Эркинбек Исеналиев
Эркинбек Исеналиев

Жамиля Исаева - 11.16%

49 жашта. 2019-2021-жылдары өкмөттүн соттук өкүлчүлүк борборунда директордун орун басары болуп иштеген. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин мурдагы жубайы. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Үч жылдан ашык Жогорку Кеңештин вице-спикерлик милдетин аркалады.

Жамиля Исаева
Жамиля Исаева

№ 27 округ

Акылбек Түмөнбаев - 22.13%

53 жашта. Кыргыз улуттук университетин аяктаган. ИИМ, Салык кызматы, Финансы полициясында 15 жылга жакын эмгектенген. 2016-жылы Эсеп палатасынын аудитору болгон. 2020-жылы парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде катышкан. 2021-жылдагы шайлоодо Түп округунан жеңип чыгып, мандат алган. Ал парламенттеги “Элдик” депутаттык тобунун лидери болгон. Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы экени белгилүү.

Акылбек Түмөнбаев
Акылбек Түмөнбаев

Табылды Муратбеков - 9.86%

30 жашта, Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин 2016-жылы аяктаган. 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы болуп иштеген. 2021-жылкы парламенттик шайлоодо Табылды Муратбеков "Ыйман нуру" партиясында 5-орунда турган жана шайлоодо 2 миңдей добуш алган. Кийин Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Табылды Муратбеков
Табылды Муратбеков

Гүлкан Молдобекова - 8.49%

61 жашта. Талас облусунда туулуп-өскөн. Кыргыз Улуттук университетин бүтүргөн. 2015-жылы Кыргызстан Социал-демократтар партиясынан депутат болуп шайланганга чейин ар кыл окуу жайларда мугалим болуп иштеген. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан улам жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо Молдобекова “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого катышкан. Ал эми 2021-жылы “Альянс” партиясынын тизмесинен депутаттык мандатка ээ болгон. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мурдагы төрагасы Мирбек Асанакуновдун жубайы.

№ 28 округ

Эрулан Кокулов - 20.36%

39 жашта. Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Коомчулукка блогер катары таанымал. 2018-жылдан бери “Не сахар” долбоорунун алып баруучусу. Блогер мөөнөтү өтүп кеткен товарларды ашкерелөөгө аракет кылганы менен таанылган. 2020-жылкы парламенттик шайлоого “Реформа” партиясынан катышкан. Шайлоо бүткөндөн кийин партиядан чыкканын жарыялаган. 2021-жылдагы шайлоодо “Ынтымак” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Эрулан Көкүлов
Эрулан Көкүлов

Болот Сагынаев - 16.21%

36 жашта. Тоң районунда туулуп өскөн. Кесиби боюнча юрист. Жүк ташуу, жер-жемиш ташуу боюнча ишкерлик менен алектенген. Учурда “Пикассо” деп аталган ишкананын жетекчиси.

Рахат Жунушбаева - 11.77%

46 жашта. Кесиби эл аралык мамилелер боюнча адис. Кесиптик жолун Түштүк Кореяда баштап, кийин Кыргызстанда ишкерлик чөйрөсүндө иш алпарган. Лифт өндүрүү жаатында иш алпарган SKY Industrial Group ишканасынын негиздөөчүсү катары таанымал.

№ 29 округ

Нурбек Сыдыгалиев - 23.46%

52 жашта. Жумгал районунда туулуп-өскөн. 1995-жылы Кыргыз улуттук университетинде экономист адистиги боюнча билим алган. 2012-2016-жылдары өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеген. 2017-жылы парламентте “Ата Мекен” фракциясында иштеп, 2019-жылы Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна депутат болуп келген. Кийин вице-спикер болуп шайланган. Сыдыгалиев 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон. 2021-жылдагы шайлоодо “Ишеним” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланып, парламенттин вице-спикери болгон.

Адилет Белеков - 17.12%

34 жашта. Кочкор районунда туулуп өскөн. Буга чейин Кочкор районунда айыл өкмөт башчылыгын аркалаган. Акыркы жылдары "Башат Агро Групп" деп аталган фермердик чарбаны жетектеп келген.

Гүлсүнкан Жунушалиева - 11,99%

56 жашта. Кесиби боюнча философ-окумуштуу. Эмгек жолун Караколдогу Ысык-Көл мамлекеттик университетинде баштап, кийин Кыргыз медициналык академиясында окутуучу болгон. Соңку төрт жыл аталган академиянын проректору болуп иштеген. 2020-жылы Октябрь окуясынан улам жыйынтыгы жокко чыккан шайлоого “Мекенчил” партиясынын тизмесинен ат салышкан. 2025-жылдын башында “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен парламент депутатынын мандатын алган.

№ 30 округ

Кубанычбек Самаков - 21.61%

41 жашта. Кесиби боюнча юрист. Эмгек жолун “Газпром” ишканасында баштап, кийин ишкерлик менен алектенген. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун уулу. 2017-жылы атасы менен чогуу Бишкекте жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо иши боюнча камакка алынган. Кийин бул иш боюнча акталган. 2023-жылы Бишкектеги Ленин округу боюнча кайра шайлоодо парламент депутаттыгына шайланган.

Кубанычбек Самаков
Кубанычбек Самаков

Улан Бакасов - 18.50%

41 жашта. Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган. 2000-жылдардын башынан тарта ишкердик менен алектенген. Буга чейин коомчулукка ысымы белгисиз ишкердин аты 2020-жылы коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда чыккан. Анда Бакасов Нарын облусуна бир нече "Тез жардам" унаасын белек кылган. Мындан кийин 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого бийликчил "Биримдик" партиясынын тизмесинин алгачкы сабында катышкан. 2021-жылдагы шайлоодо Нарын округунан жеңип, мандатка ээ болгон.

Улан Бакасов
Улан Бакасов

Жылдыз Таалайбек кызы - 11.75%

31 жашта. Кочкор районунда төрөлгөн. 2012-жылы Борбор Азиядагы Америка университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 2012-2014-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укук департементинде иштеген. Таалайбек кызынын ата-энеси Бишкектеги мончо жана спа-салондор түйүнүн негиздеп, аларга ээлик кылары белгилүү. Ал маркум атасы Таалайбек Курткаев атындагы кайрымдуулук фондду дагы жетектейт. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ишеним” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG