Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:52

"Беш лицензияны бекер алышкан". Долпран кенин казган кытайлык компания башчысы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кеминдеги Долпран кенин казуу лицензиялары убагында арзан сатылып кеткенин, азыр териштирүү уланып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу 27-ноябрда Кемин шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушууда айтты жана кен тармагына көзөмөл күчөтүлөрүн эскертти.

Ушул аптанын башында аталган кенди иштеткен кытайлык компаниянын башчысы, кытай жараны камалган. Атайын кызмат ал ири өлчөмдөгү зыян келтирүүгө шек саналып камалганын, атайын түзүлгөн комиссия бир катар мыйзам бузуу фактыларды аныктап чыкканын кабарлаган.

Жергиликтүү тургундар кен жаткан жерди "Алтын чөйчөк" деп аташат жана былтыртан бери эле экологияга кесепети тиет деген жүйө менен алтындын казылышына каршы болуп өлкө башчыларына тынбай кайрылып келген эле. Бир ай мурда Ташиев Чоң-Кеминге барганда ага дагы арызданышкан болчу.

"Алтын чөйчөктө" уюган алтын

Камчыбек Ташиев Чоң-Кемин айыл аймагынын тургундары менен өткөн айда жолуккан. Анда жергиликтүү тургундар Долпран алтын кенин казып жаткан кытайлык компанияга байланыштуу даттанышкан. Ошол жерден билим берүү тармагынын ардагери Улан Соккеев экологияга, жашоочуларга зыяны тиет деген негизде чоңкеминдиктер кендин казылышына каршы экенин айткан.

"Биздин президентибиз БУУнун трибунасынан кыргыз тилинде климаттык өзгөрүүлөр болуп жатат, экологияны сактайлы деп бүт дүйнөгө жар салды. Биз ошол сөздөрдү аябай кубануу менен кубаттадык. Анткени экология маселеси дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Ушул Чоң-Кеминде 10 миңден ашык эл жашайт. Сизге элдин тагдырын чечип берет деп кайрылуу жасайлы дегенбиз. Азыр кытайлык компания Долпран тоо кыркасынан кен ачканы жатат. Чынында ал жерде алтын-күмүш эле эмес, уран, кобальт жана вольфрам дагы бар. Биздин жерибиз алтын чөйчөктөй эле болгон жер. Ал жерде шамал жүрбөйт, чаң калат. Бул жерде күңгөй Ала-Тоо кыркасы турат, чокусунун баары мөңгү, тегерете мөңгү, кен казылса мөңгүлөр эрийт деген коркунуч бар. Ушул жерде 100 чакырымдан ашык аралыкка созулган чытырман токой бар. Карагай-чер дагы жок болуп кетеби деп биз тынчсызданып жатабыз. Бизде 1911-жылы катуу жер титирөө болгон. Тоо бир айылды басып калган, көп адам жабыр тарткан. Ушундай коркунучтуу сейсмологиялык аймакка булар фабрикасын, уу калдыктар сакталган жайын курса кийин кырсык болсо эмне болот? Анткени бизди суу, Чоң-Кемин дарыясы Чүй суусуна кошулуп бүткүл Сары-Өзөн Чүйдү багып жатат. Кырсык болсо эл дагы жабыр тартат. Ушул маселе биздин көкөйүбүзгө тийип жатат. Биздин, Чоң-Кемин элинин эле эмес, жалпы Сары-Өзөн элинин тагдыры силердин колуңарда деп суранып жатабыз",-деген ал.

Ташиев ошол жерде тургандардан сураганда жергиликтүү эл бир ооздон кендин иштетилишине каршы экенин айтышкан. Атайын кызматтын төрагасы бул кенге берилген лицензия, кен казган компаниянын иши текшерилерин убада кылган.

Бир айдан кийин, 24-ноябрда УКМК Долпран алтын кенин иштеткен кытайлык компаниянын башчысы ири өлчөмдөгү зыян келтирүүгө шек саналып кармалганын билдирген. Бул кенге байланыштуу түзүлгөн комиссия бир катар мыйзам бузуу фактылары болгонун маалымдаган.

"Текшерүү учурунда Долпран кенин иштетүүдө экологиялык мыйзам бузуулар аныкталган. Анда 14 398,6 м2 жер бети талкаланган, техникалык долбоор аткарылган эмес, лицензиялык келишимдин шарттары аткарылган эмес, резервдер комиссиясына жалган маалыматтар берилген жана "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдын талаптары бузулган, ошондой эле "Кооптуу өнөр жай объектилеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" мыйзамынын жана "Ачык карьердик казып алуунун өндүрүш процесстеринин коопсуздугу эрежелери" бузулганы аныкталган. Мындан сырткары, экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, Долпран кенинин ишмердүүлүгү өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен 2025-жылдын 20-ноябрында алтын казган компаниянын Т.Д. аттуу башкы директору, кытай жараны кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди", - деп жазылган маалыматта.

Камчыбек Ташиев 27-ноябрда Кемин шаарында Долпран кенинин айланасындагы соңку кырдаал тууралуу маалымат берди. Анда бул кенди иштетүүгө убагында лицензиялар дээрлик бекер берилгенин, колдон колго өтүп кайра кымбат сатылганын маалымдады. Кенди казуу же биротоло токтотуу чечими азырынча кабыл алына электигин билдирди.

"Ушул Долпран кенине беш лицензияны бекер алышкан. Мамлекеттин бир пайыз үлүшү жок ушул жерде. (Биринчи лицензия алгандар-ред.) Башкаларга 32 миллион долларга сатып кетишкен. Бул үч миллиард сом. Байлыгыбыз тонолдубу? Тонолду. Мамлекетке бир сом акча түшкөн жок, элге бир тыйын пайдасы жок. Булар алып, андан ары тоноп жатышат. Биз азыр аныктап жатабыз, ушул кенге берилген лицензиялардын болжолдуу баасы 10 миллиард доллар экен. Мына, Долпрандын баасы. Мамлекетке бир сом түшө элек, бир сом пайдасы жок. Казылып талкаланып жатат, тоолорубуз талкаланып жатат. Эч кимдин эч ким менен иши жок. Булар ушинтип отуруп салык төлөйбүз дейт. Салыкты ансыз деле төлөшөт. Аны бардык ишкана төлөйт. Керек болсо мобул жерде такси болгон адам дагы салык төлөп жатат. Ар бир кенде мамлекеттин үлүшү жана элдин ырыскысы болушу керек. Чоң-Кеминге барганда Долпранды текшеребиз деп убада бердим эле, биз аны текшерип чыктык. Мыйзамсыздыктарды аныктадык. Ошонун негизинде башкы директору камакта отурат. Муну менен токтоп калбайт. Эгер Долпрандын мамлекетке пайдасы тийсе, ошол 10 миллиард доллардын чоң бөлүгү мамлекетке тие турган болсо иштетебиз, тийбей турган болсо иштетпейбиз. Жөндөн жөн кимдир бирөө биздин алтыныбызды казып кете албайт, биз буга жол бербейбиз",-деген Ташиев.

Долпран: 5 тоннадан ашык алтын, 12 тоннадан көп күмүш жана 8,5 тоннадай жез бар

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Азаттыкка" Долпран кени тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бул кенди иштетүүгө лицензия 2008-жылы “ТК Гео Ресурс” компаниясына берилген. 2021-жылы аталган фирманын кайрылуусунун негизинде лицензия “Кемин Ресурс Групп” фирмасына өткөн.

Аталган министрлик 2023-жылы “Кемин Ресурс Групп” фирмасына 20 жылга, тактап айтканда 2043-жылга чейин кенди пайдалануу укугун берген. Министрликтин ырасташынча, учурда компанияга бардык уруксат документтери берилген жана коомдук угуулар өтүп жатканына байланыштуу кен казуу баштала элек.

"Аталган ишкана 2023-жылы 8-августта чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн лицензиялык келишимин алуу өтүнүчү менен кайрылган. Ошондой эле, Геологиялык изилдөөгө жана бургулоо иштерине уруксат берүү жөнүндө 2023-жылы 2-августта Чоң-Кемин айылдык кенешинин токтому, Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн дагы каршылыгы жоктугу жөнүндөгү каттары берилген. Ушунун негизинде лицензиялык макулдашуу берилген. Былтыр жергиликтүү тургундар кендин ачык түрүндө казуусуна каршы чыкканынан улам "Кемин Ресурс Групп" кенди жердин астынан казуу ыкмасына өткөн. Учурда “Кемин Ресурс Группка” кен казуу иштерине лицензиялык келишими берилген. Бирок казуу иштерин баштоонун алдында өкмөттүн токтомуна ылайык жергиликтүү эл арасында коомдук талкууларды өткөрүшү керек. Коомдук угуу ушул жылы 28-февралда өткөн. Бүгүнкү күндө коомдук угуулар улантылууда, бирок угуу толук аягына чыга элек. Ошондуктан Долпран кенинде бүгүнкү күндө “Кемин Ресурс Групп” эч кандай кен казуу иштерин жүргүзө элек",-деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, Долпранда болжол менен 5 тоннадан ашык алтын, 12 тоннадан көп күмүш жана 8,5 тоннадай жез бар.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, "Кемин Ресурс Групп" кытайлык компаниясы 2021-жылы гана июлда каттоодон өткөн. Бул фирмага Долпрандын лицензиясын берген "ТК Гео Ресурс" компаниясы буга чейин Кеминдеги Куран-Жайлоо кенин иштетип келген.

Долпрандын маселеси буга чейин Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Парламенттин буга чейинки чакырылышынын депутаты Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровго кайрылып, кенди иштетүүгө берилген лицензияны кайтарып алууга чакырган.

Буга чейин жергиликтүү тургундар нааразылыгын билдирип, бир канча ирет жолугуп, бийлик башчыларына кайрылып келген. Чоң-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы Адилет Едилов эл кендин ачылышына караманча каршы экенин билдирген:

"Биз Долпран кенинин казылышына каршыбыз, аны каздырбайбыз. Ал жерде ак илбирс байырлайт, ошол жерге чектеш жаратылыш паркыбыз бар, биз туристтер менен оокат кылып жатабыз. Ошол жашыл мураска тийбей эле койсок деп суранып жатышат. Ошол кенди иштеткенден көрө биздин Чоң-Кемин суусуна чакан ГЭСтерди салып берсеңер деп өтүнүп жатышат".

Кен тармагына көзөмөл күчөйбү?

Долпранга байланыштуу маселе дегеле кен тармагындагы көйгөйлөр тууралуу талкууга жем таштады. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул тармакка көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди. Ал 27-ноябрда Кемин шаарына барганда жыл башынан бери кенге берилген 200 лицензия мамлекетке кайтарылганын маалымдады:

"Ачык айтсак, Таластагы бир кенибиз дагы ушундай. Баасы 10 миллиарддан ашык, мамлекеттин бир пайыз үлүшү жок. Аны Атамбаев берип жиберген. Салык төлөп жатабыз деп отурушат. Бул жакта дагы биз чоң жумуштарды жүргүзүп жатабыз. Ушул 2025-жылы 200гө жакын лицензияны кайтарып алдык. Биздин экологияны талкалаган компаниялардын баарын текшерип, 100 миллион доллардан ашык акчаны төлөтүп алдык. Көптөгөн ишканалар азыр токтоп турат. Биз пайдаңар тийбесе дагы зыяныңар тийбесин деп айтып жатабыз. Биздин колубуздан келбесе аларды кийинки муун иштетээр. Бирок биз талап-тоноого, байлыктарыбызды бекер алып кетишине жол бербешибиз керек. Мен бир-эки мисалды айтып кетейин, Чаткалда Токтазан деген алтын кен бар экен. Ага лицензияны 400 долларга алган экен. Аны кайра 10 миллионго сатып жаткан жеринен кармап алдык. Азыр экөө бизде камалып отурат, 10 миллионун мамлекетке төктүрдүк. Бир чет элдик экинчи чет элдикке, анысы дагы башкага сатып, ортодо акча жеп атышат. Биз болсо отурабыз, жолубуз талкаланган, мектебибиз курулбайт, ооруканабыз момундай, айлыгыбыз тигиндей, жашаган турмушубуз болсо ушул. Биздин эсебибизден канчалаган адамдар миллионер болуп жашап жатышат. Мына ушуну токтотушубуз керек. Уюшкан кылмыштуу топтордун тоо-кен компанияларынын ишине кийлигишкенине өзгөчө көңүл буруп жатабыз".

Тоо-кенчилер бирлигинин жетекчиси Дүйшөнбек Камчыбеков кен казуу, иштетүү такай эле көйгөй, жергиликтүү тургундардын каршылыгы менен коштолуп келгенине токтолду. Адис бул тармактагы маселелерди чечүү үчүн геология менен тоо-кен тармагы өзүнчө бөлүнүшү керек деп эсептей турганын айтты:

"Бул маселенин эми эки тарабы бар. Биз канчалык көп кен иштетсек ошончолук көп жумуш оруну түзүлөт, экономикабыз өсөт. Биз такай эле айтып келебиз, тоо-кен тармагы бюджеттен бир дагы тыйын албайт, бирок экономикага чоң салым кошот. Он айдын жыйынтыгы менен эле бюджетке 42 миллиард сом түшүптүр, жыл жыйынтыгы менен болжол менен 50 миллиард сом болот деп жатышат. Ошол эле мезгилде көйгөйлүү маселелер да жаралат, ал экологияга тиешелүү болот, жергиликтүү тургундар менен тил табышпаган учурлар, социалдык пакет, ошол кенди иштеткен канчалык пайдалуу же пайдалуу эмес дегендей суроолор такай эле болот. Долпран боюнча Камчыбек Ташиев барып, эл менен жолугуп, ошол жерден тапшырма берип, ошонун негизинде жыйынтыкталып жатса болот. Эмнеге ошондой тапшырма менен гана тиешелүү адистер иш алып барышы керек, эмнеге ошондон кийин гана ушундай мыйзам бузуулар болду деп тыянак чыгарат? Кыргызстанда кен тармагына эки миңден ашык лицензия берилген. Азыр министрликте алтын, түстүү металл жагын тескеген ашып кетсе эки адис, көмүр жагын тескеген бир-эки адис. Мындайча айтканда, алар баарын кантип жетишет. Ошончо лицензияны текшерип, көзөмөлдөшү керек да. Ал адистердин андай мүмкүнчүлүгү жок. Азыркы министрлик болсо геология маселесин дагы, тоо-кен тармагын дагы тескеп калды, техникалык көзөмөлдү дагы жүргүзөт. Таштандыны кайра иштетүү жагын дагы карайт. Геология менен тоо-кен тармагын өзүнчө бөлүп, бул жаатты күчтөп, коңшу өлкөлөрдөй болуп, Өзбекстандагыдай кылып министрлик деңгээлине чейин жеткириш керек.

Жергиликтүү тургундардын буга чейинки бир канча жолку каршылыгына, нааразылыгына карабай быйыл Нарын облусундагы Солтон-Сары кениндеги Бучук тилкесин кытайлык Zhong Ji Mining Company компаниясы иштете баштады. Бул фирма элдин экология, жайытка байланыштуу нааразылыгынан, чыр-чатактан улам 2019-жылы жабылган.

Бирок кытайлык ишкана лицензиясын 2022-жылы кайра алган. Анда президент Садыр Жапаров Бучукка барып, кен казууда экологиялык маселелерге өзгөчө көңүл буруларын убада кылган.

Президенттин ошол кездеги басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кенге баруучу жол эбак салынып бүтүп, фабриканын курулушу жарымдап калганын, андан ары жер кыртышын бузбоо шарты менен кенди иштетүүгө уруксат берилгенин айткан.

Султанбаев анда кенди иштетүүдө цианид колдонулбасын, алтын Кара-Балтада аффинаждала турганын жазган, мамлекеттин үлүшү да болорун белгилеген.

Кытайлык компаниянын өкүлдөрү мамлекеттин үлүшүнө байланыштуу маселе завод толук ишке киргенден кийин чечилерин билдиришкени менен мамлекеттик үлүшү болобу же жокпу деген маселе ошол боюнча ачык калган.

Бучук тилкесинде 12 тонна алтын бар. Баалуу металлдын жалпы кору 22 тонна деп эсептелет.

УКМК былтыр июнда Жалал-Абадда кен казган компаниялардын ишин көзөмөлдөө үчүн атайын мамлекеттик ишкана түзүү каралып жатканын билдирген. Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда мындай фирмалардын айынан экология зыянга учурап, дээрлик 2 миллиард сомдук чыгым аныкталганын маалымдаган. Мындай ишкана түзүлүп-түзүлбөгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Буга чейин айрым жергиликтүү тургундар, экологдор айрыкча Чаткалда алтын казган, чайкаган компаниялардын айынан жаратылыш бүлүнүп жатканын айтып келген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG