Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:47

"Москва Борбор Азиянын маанисин эми жогору баалоого аргасыз"


Димаш Алжанов
Димаш Алжанов

мазмуну

  • ЖККУ бүгүнкү шартта өзүнүн негизги милдеттерин канчалык аткарып жатат?
  • Уюмдан Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрү кандай пайда же саясий артыкчылык көрө алат?
  • Армениянын соңку айлардагы кескин билдирүүлөрү уюмдун ички саясатына таасир тийгизеби?

27-ноябрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйыны өттү. Бул бирикменин милдеттери жана ага мүчө өлкөлөрдүн Кремл менен мамилеси тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна казакстандык саясат талдоочу Димаш Алжанов жооп берди.

- Адегенде Кремлдин Борбор Азияга карата саясатында кандай өзгөрүүлөр болуп жатканына токтолуп өтсөңүз. Эл аралык изоляцияда калган Орусия ушу тапта Борбор Азия чөлкөмүнө таасирин дагы күчөтүүгө аракет кылганы айтылууда. Буга сиздин пикир кандай?

- Биринчиден, Орусиянын Украинага кеңири масштабдагы басып кирүүсү, андан кийинки эл аралык обочолонушу жана санкциялар Борбор Азия өлкөлөрүн Москва менен мамиледе мурдагыга салыштырмалуу ыңгайлуу абалга алып келди. Орусиянын товар жүгүртүүдө, кош максаттагы продукцияларды алуу-сатууда жана жаңы базарларды издөөдө Борбор Азияга муктаждыгы өстү. Ошондуктан Москва менен региондун мамилеси азыр мурдагыдан да практикалык жана маанилүү болуп калды. Ошол эле учурда Орусияга карата сындын күчөшү, Кремлдин эл аралык изоляциясы Борбор Азия өлкөлөрүнүн позициясын өзгөрттү. Мурда бул өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуулары анчейин чоң саясий салмакка ээ эмес деп эсептелсе, азыр аларга көп көңүл бурулууда. Айрымдар Борбор Азия Орусиядан алыстап, өз алдынча позиция издөөдө деп айтып жатышат. Бирок азырынча мындай божомолдор негизсиз. Регион менен Кремлдин мамилесинде радикалдуу өзгөрүү болгон жок. Борбор Азия мамлекеттери Москвадан көбүрөөк урмат жана маани талап кылуусу мүмкүн, бирок стратегиялык жактан өзүнчө кетүү белгилери байкалбайт.

- Айрым эксперттер Борбор Азия мамлекеттери соңку бир жылда АКШга жана Европага көбүрөөк ыктаган саясатты карманганын айтышат. Маселен, Вашинтонго сапар жана АКШ менен ири өлчөмдөгү келишимдер. Кремлдин чөлкөмгө саясатында кандайдыр бир жаңы өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?

- Казакстан менен Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр Евробиримдик жана АКШ менен мамилесин күчөтүүгө кызыкдар болгону менен Орусиядан көз карандылык дагы эле терең. Энергетика, коопсуздук, транзит, экономика - бул тармактарда Москва негизги өнөктөш бойдон калууда. Деген менен региондун Батыш менен ыкчам жакындашуусуна олуттуу тоскоолдуктар бар: авторитардык башкаруу, инвестиция үчүн жагымсыз шарттар, жогорку коррупция деңгээли жана укуктун үстөмдүгүнүн жоктугу. Экономикалык интеграция тууралуу көп айтылганы менен чыныгы чоң инфраструктуралык долбоорлор иш жүзүнө ашпай келет.

Ошондуктан азыркы процесстер көбүнчө Борбор Азия лидерлеринин ички аудиторияга жакшы көрүнүү аракети катары бааланууда. Чыныгы геосаясий бурулуш азырынча байкалбайт. Бул жагынан алар өтө сак, прагматикалык позицияны карманууда.

Орусиянын Өзбекстан жана Казакстан лидерлерин өзгөчө жылуу тосуп алышы да Кремлдин азыр союздаштарга муктаж болуп калганын көрсөтөт. Москва Борбор Азия өлкөлөрүнүн маанисин мурдагыдан жогору баалоого аргасыз. Вашингтондогу C5+1 жолугушуусу да олуттуу бурулуш алып келди деп айтууга болбойт. Трамп администрациясы мамилени өтө прагматикалык негизде куруп жатат. Ошондуктан алардын АКШ менен мамилени бекемдөөгө болгон аракети Москва менен стратегиялык байланыштарга каршы келбейт.

- Сиздин пикирде ЖККУ бүгүнкү шартта өзүнүн негизги милдеттерин канчалык аткарып жатат? Уюмдан Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрү кандай пайда же саясий артыкчылык көрө алат?

- Учурда бул уюмга кайра «жан киргизүү» аракети болуп жатат деп айтууга болот. Анткени ал активдүү иштеп турган түзүм эмес. ЖККУнун эффективдүүлүгү бир гана Казакстандагы массалык нааразылыктар маалында байкалган. Ошол кезде уюмдун желеги алдында Орусия өз аскерлерин жайгаштырып, режимге жардам берүү жана лоялдуу бийликтин сакталышы үчүн аракет көргөн. Мындан башка ЖККУнун реалдуу ишин так көрсөткөн мисалдар жок.

Орусия Украинага кеңири масштабда басып киргенден кийин уюмдун документтерине айрым өзгөртүүлөр киргизилгенин билебиз. Бул өзгөртүүлөр Орусияга «тынчтык орнотуучу күчтөрдү» жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн берип, аны координациялоочу мамлекет катары бекемдейт. Башкача айтканда, Орусиянын бул уюм аркылуу ишке ашырууну көздөгөн өз тышкы саясий максаттары бар жана ал бул түзүмдү кантип пайдаланууну жакшы билет. Борбор Азия өңүтүнөн караганда, бул уюм өлкөлөргө ички олуттуу кризис маалында Орусиядан жардам күтүүгө шарт түзөт.

Борбор Азиядагы авторитардык мамлекеттерде бийлик саясий жана экономикалык жашоону катуу көзөмөлдөөнүн эсебинен сакталат. Ошондуктан бул жактагы автократтар уюмду өздөрүнүн жеке пайдасы үчүн пайдаланууга көбүрөөк кызыкдар. Тышкы коркунуч деген шылтоо менен алар Орусиянын күч түзүмдөрүн же аскерлерин чакырып келүүгө таянышат.

- Армения Бишкектеги саммитке катышкан жок. Ереван ЖККУга 2022-жылы Азербайжан талаштуу Тоолуу Карабак аймагын көзөмөлүнө алганда жана эки өлкө ортосунда чек ара чырында жардамга келбегенине нааразылыгын айтканы эсибизде. Армениянын азыркы позициясы ансыз да акыркы жылдары сын айтылып келген ЖККУга канчалык тассирин тийгизет?

- Эгер Армения мындан ары да тайманбай кадам таштап, уюм эскирип калганын ачык көрсөтө алса, бул башка өлкөлөр үчүн да маанилүү прецедент болмок. Бирок кырдаалды реалдуу караганда, Казакстан мындай макулдашууларга каршы саботаж жасоого азырынча кызыкдар эмес. Улуттук коопсуздук жана аны камсыздай алган институттардын өнүкпөгөнү Казакстан үчүн негизги маселе.

Орусия менен чоң чек арасы бар бул өлкө акыркы 30 жылда өз алдынча эффективдүү коопсуздук мекемелерин түзө алган жок. Ал эми Армения экинчи Карабак согушунан кийинки кырдаалдын жана Европага жакындашуу аракеттеринин шартында бүгүн муну жасай ала турган абалда турат. Бул процесс мындан ары дагы өнүгүшү мүмкүн жана ал көбүнчө Орусиянын Евразиядагы негизги аскерий күч катары өз позициясын сактап кала алуусуна жараша болот.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

 

XS
SM
MD
LG