Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:47

Сурдлимпиада: Азамат Мавлонов коло байгеге ээ болду


 XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарында коло байгесинин ээси Азамат Мавлонов ортодо. 24-ноябрь, 2025-ж.
XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарында коло байгесинин ээси Азамат Мавлонов ортодо. 24-ноябрь, 2025-ж.

Кыргызстандык Азамат Мавлонов Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарында коло медалга ээ болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, Мавлонов 24-ноябрда таэквондодон 80 килограммга чейинки салмакта үч беттеш өткөргөн.

Ал алгач түштүк кореялык Чо Сангу менен беттеште жеңилген. Кореялык спортчу финалга чыккандыктан, Мавлонов көңүл жубатуучу беттеште түркиялык Симен Ясинди жеңген. Чечүүчү таймашта өзбекстандык Мухаммад Усмоновду утуп, коло байгенин ээси болгон.

Азамат Мавлонов ушуну менен Сурдлимпиаданын үч жолку байге ээси болду. Ал буга чейин 2022-жылы Бразилияда өткөн мелдеште күмүш, 2017-жылы Түркияда өткөн мелдеште коло медал тагынган.

15-ноябрда башталган угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндары 26-ноябрда аяктайт. Төрт жылда бир өткөн мелдешке спорттун 21 түрүнөн 3000ге жакын спортчу 81 өлкөдөн катышууда. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Кыргызстандан 18 спортчу спорттун беш түрүнөн: стол тенниси, грек-рим күрөшү, таэквондо, дзюдо, эркин күрөш түрлөрүнөн күчүн сыноодо. Алардын бешөө кыз-келиндер.

Азамат Мавлоновдун байгесин кошкондо учурда Кыргызстандын спортчуларында эки алтын, төрт коло медал чогулду. Алтын байгелерди грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Смадияр Жумакадыров, эркин күрөштөн 74 килограмм салмакта Азамат Жапаркулов алган. Ал эми коло байгелерге дзюдодон 60 килограмм салмакта Байсалбек Орозали уулу, грек-рим күрөшүнөн Динмухамед Бигелдиев (67 кг) менен Нарту Абдрахманов (97 кг) коло байгеге ээ болушкан. (ECh)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG