Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:52

Айсулуунун өлүмү: Шектүүнүн ишин караган судьялар кармалды


17 жаштагы Айсулуу Мукашева.
17 жаштагы Айсулуу Мукашева.

25-ноябрда Ички иштер министрлиги 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыровдун буга чейинки кылмыш жазасын жеңилдеткен Бишкек шаардык сотунун мурдагы үч судьясы кармалганын кабарлады.

Министрлик аларга Кылмыш кодексинин "Коррупция", "Пара алуу", "Пара берүү", "Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу" беренелери боюнча айып тагылганын билдирди.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен алар камакка алынды.

Маалыматка караганда, ишти тергеген прокурор Д.М., жактоочу С.Ж. да кармалган.

"2016-жылы Бишкек шаардык сотунун судьялары С.Б., Ж.М. жана К.А., ошондой эле прокурор Д.М. жана жактоочу С.Ж. ортомчулугу менен Жазык-процессуалдык кодексинин нормаларын бузуп, жаза мөөнөтүн жеңилдетишкен. Натыйжада, кылмышкер үч жылдан кийин боштондукка чыгып, кылмыш жасоону уланткан", - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Өткөн аптада судьялар кеңеши Бишкек шаардык сотунун мурдагы үч судьясын кылмыш жоопкерчиликке тартууга макулдук берген. Министрлик тараткан маалыматтагы үч адамдын ысымы социалдык тармактарда аты аталган үч судьянын Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаева аты-жөнүнө туура келет.

Кайсын Абакиров алар мыйзам негизинде чечим кабыл алышканын белгилеп, милиция убагында ачылбай калган кылмышты сот тармагына жүктөп жатканын жазган.

Ысык-Көл облусунда киши колдуу болгон 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шек саналып 41 жаштагы Кумарбек Абдыров камалган. ИИМ шектүү кызды Ысык-Көлдө машинасына салып кетип, зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөндөн кийин сөөгүн Боом капчыгайына ыргытып жибергенин билдирген.

Ал буга чейин бир канча жолу соттолгону, бирок жеңил жаза менен кутулуп кеткени ачыкка чыккан. (AiA)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG