Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:30

Путиндин Бишкек сапары: Тереңдетилген келишим, коштогон олигархтар


Садыр Жапаров жана Владимир Путин. 2025-жылдын 26-ноябры, Бишкек.
Садыр Жапаров жана Владимир Путин. 2025-жылдын 26-ноябры, Бишкек.

мазмуну

  • 25-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Орусиянын президенти Владимир Путин келди. Бул сапар Кыргызстанда саясий окуялар кызып, Орусиянын атын атаган оппозициячыл айрым активисттер камалган учурга туш келди. Орус президентинин делегациясында өкмөттүк жетекчилер менен катар Роман Абрамович, Муса Бажаев сыяктуу олигархтар коштоп келери белгилүү болгон. Путиндин бул жолку сапары Кыргызстан үчүн эмнеси менен маанилүү?

Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жолугушуусу 26-ноябрда "Ынтымак Ордодо" өттү.

Сүйлөшүүлөр жыйынтыгы жана президенттердин билдирүүсү

Кыргыз президенти биргелешкен отурумду ачып жатып Орусия Кыргызстан үчүн "стратегиялык союздаш, ишенимдүү өнөктөш жана ынак дос болуп келгенин жана болуп кала берерин, алака жаңы долбоорлор жана демилгелер менен толукталып жатканын", быйыл Кыргызстандагы орусиялык компаниялардын саны бир нече жыл мурдагыга салыштырганда үч эсе көбөйгөнүн белгиледи.

Владимир Путин эки өлкөнүн мамилеси "стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык өз ара сый-урматтын жана тараптардын кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде ийгиликтүү өнүгүп жатканын" айтты жана Кыргызстанга салынган орусиялык инвестиция көлөмү дээрлик 2 млрд долларга жеткенин белгиледи.

Жыйынтыгында эки тараптуу сегиз документке кол коюлду.

Алардын бири "Союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө" биргелешкен билдирүү.

Экөө экономика министрликтеринин ортосундагы стратегиялык пландоо жаатында кызматташуу жана саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы кардиология жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумдар.

Төртөө макулдашуулар: ички иштер жана миграция боюнча тийиштүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук макамы жөнүндө, Кыргыз-Орус Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатында кызматташтык жөнүндө жана эки мамлекеттин почта кызматтарынын ортосундагы "ниеттер жөнүндө".

Мындан тышкары "2017-жылдын 20-июнундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу" деген протокол.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки президент жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты.

Путинди коштоп келген ишкер, олигархтар кимдер?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:56 0:00

Кыргыз президенти Садыр Жапаров алдыга карай ийгиликтүү жылыш бар экенин, айрым багыттар боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгенин, Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө Орусиянын үлүшү 22% түзөрүн, жакынкы жылдары өз ара сооданын көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлуп жатканын, Орусиянын түз инвестициялары быйылкы жылдын алты айында 110 миллион доллар түзгөнүн айтты.

Азыркы тапта Кыргызстандын аймагында Орусия катышкан 1800дөн ашуун компания иштеп жатканын, бул өлкөдөгү бардык чет элдик компаниялардын үчтөн бири экенин белгилеген кыргыз президенти Кыргызстанда орусиялык инвесторлор ассоциациясын түзүү демилгесин толук колдой турганын, Орус–Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн күндөн тартып Кыргызстандын экономикасына 1 миллиард доллардан ашуун инвестиция салып, республиканын аймагындагы 3,5 миңден ашуун долбоорду каржылаганын билдирди.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар маселеси тууралуу Жапаров:

"Орусиянын аймагында мекендештерибиздин мыйзамдуу түрдө болушун камсыз кылууга, аларга татыктуу эмгек шарттарын жана каралган социалдык кепилдиктерди берүүгө эки тараптын тең кызыкдар экени ырасталды. Бул маанилүү багытта компетенттүү министрликтерибиздин линиясы боюнча мындан ары да иштөө боюнча макулдашылды", - деп айтты.

Орус президенти Владимир Путин кыргыз-орус алакасын жаңы, илгерилетүүчү деңгээлге чыгаруу максаты коюлуп жатканын, былтыр ортодо соода жүгүртүү көлөмү 4 миллиард доллардан ашканын, жалпы орусиялык капиталдык салым көлөмү 2 миллиард долларга жеткенин, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болгон 10 жылда ички дүң өнүм 2,5 эсе, биримдиктин ичиндеги өлкөлөргө экспорту төрт эсе өскөнүн айтты. Орус президентинин айтымында, «Газпром» 400 млн доллар бөлүп, Кыргызстандын газ менен камсыздалышын 42% жеткирди жана бул иш дагы уланат.

Путин билдиргендей, Ысык-Көл облусунун аймагында Күн нуруна иштей турган ири электр станциясын биргелешип куруу, өлкөнүн түндүгүнө жаңы, заманбап Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) салуу да пландалууда.

«Росатом» Кыргызстандагы уран калдыктары сакталган жерлерди рекультивациялоо программасын ишке ашырууну көздөп жатканын айткан орус президенти аталган ишкана республикада алгачкы атомдук электр станциясын (АЭС) куруу ыктымалдыгын да караштырып жатканын кошумчалады.

Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарында кыргызстандык мигранттардын маселеси да талкууланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

“Биздин мигранттардын турмушун жеңилдетүү, каттоо маселесин азайтуу жана реестрге түшүп калгандарды чыгаруу боюнча сүйлөштүк. Бул боюнча Ички иштер министрлигине жана башкаларга тапшырмалар берилди. Алдыда бул боюнча активдүү иштейбиз”.

Сапарда Орусияга товарларын жеткире албай жаткан кыргызстандык тигүүчүлөрдүн маселеси да талкууланып, көйгөйдү чечүү боюнча тапшырмалар берилгенин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 26-ноябрда "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып айтты.

Так кандай тапшырмалар берилгенин жана маселе канча убакытта чечилерин тактаган жок.

Орусияга кийим-кечек жөнөткөн тигүүчүлөр эки-үч айдан бери товарлары орус чек арасынан өтпөй турганын айтып, арызданышкан. Ушундан улам цехтер биринин артынан бири жабылып жатканын билдиришкен.

Сентябрдын башынан тартып Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу автоунаалар Казакстан менен Орусиянын чек арасында көпкө кезек күтүп, тыгын узарып жатканы кабарланган. Казакстандык басылмалар сентябрдын аягына келип өткөрмө бекеттерге такалган жүк машинелердин саны 7 миңге жеткенин кабарлашкан. Кийин эки багыт боюнча тыгында калган транспорттордун саны 14 миңге жакындаган. Кезек акыры миңге чейин кыскарды.

Казакстандын Транспорт министрлиги кезектин узарышын Орусия Федерациясы тараптан текшерүүлөрдүн күчөшү менен түшүндүргөн. Орус бажычылары жана чек арачылары жүктөрдүн документтерине, анын ичинде санитардык жана фитосанитардык талаптар боюнча жаңы чараларды киргизгени маалым болгон.

Мындан улам Орусияга түз товар жеткирген жана Wildberries, Ozon сыяктуу маркетплейстер аркылуу кийим-кечек жөнөткөн кыргыз ишкерлеринин жүктөрү ара жолдо калып, же артка кайтып келди. Натыйжада көбү кардарларын жоготуп, азы ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагында 200гө жакын ишкана жана дээрлик 3 миң жеке ишкер бар. Аларда 128 миңден ашык адам эмгектенет. Бирок бейрасмий эсептерде бул тармактагы жеке ишкерлердин саны 10 миңден ашары, ал эми тигүү сферасында түз жана кыйыр иштегендердин саны 250 миңден ашары маалымдалат.

2024-жылы текстиль, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана башка булгаары буюмдарын өндүрүүнүн көлөмү 20,5 миллиард сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 15% көбөйгөн. Анын ичинен эң көп үлүшү кийим өндүрүшүнө (85%) жана текстиль өндүрүшүнө (12%) туура келген.

Макамы мамлекеттик деп белгиленген сапар

Путиндин Кыргызстанга 25-ноябрда кечинде башталган сапары 27-ноябрь күнү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинен соң жыйынтыкталат. Орус президентинин ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Бишкекке келери мурдатан белгилүү болсо да анын протокол боюнча эң жогорку деп эсептелген мамлекеттик сапар менен келери жакында гана айтылды.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталипов мамлекеттик сапардын күн тартиби тууралуу буларды айткан:

"Бул сапар президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен өтөт жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот. Сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралат. Соода-экономикалык байланышты чыңдоого, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы алаканы өнүктүрүүгө, ошондой эле чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат”.

Путинди тосуп алуу.
Путинди тосуп алуу.

Кыргыз чиновниги расмий терминдер менен сыпаттаганы менен орус президентинин бул жолку сапары Кыргызстанга канчалык маанилүү болот деген суроо талкууланып жатат.

Орус медиалары Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковго таянып жазгандай, орус президентин коштогон сегиз министри, Борбордук банкынын төрайымы, "Росатом" ишканасынын башчысы жана Роман Абрамович, Муса Бажаев, Петр Фрадков сыяктуу олигархтар бар.

Саясат талдоочу Миржан Балыбаев Кыргызстан геосаясий жактан Кремлдин таасирине бекем чырмалган өлкө экенин, бирок андан алыстоо боюнча иш-аракеттер да жүрүп жаткандай элес бар экенин айтты.

Миржан Балыбаев
Миржан Балыбаев

“Бизге жагабы-жакпайбы, экономикалык жактан азырынча Орусияга ошентип байланып калганбыз. Биздин географиялык жайгашуубуз дагы ошого, көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүүнү мажбурлайт. Бул жагымсыз, сынга татыктуу болгондур. Бирок, биздин реалдуулук ушундай. Жаныбызда Кытай бар. Орусиянын геосаясий орбитасына байланып калганбыз. Ошол эле энергоресурс, мунайзаты, курулуш материалдары, темир-тезек, жыгач, ошол эле эмгек миграциясы жагынан биз, тилекке каршы, байланып калганбыз. Жакынкы жылдары андан эч жакка кете албайбыз. Альтернативдүү жолду дароо таап кетиш кыйындыр. Бирок, кечээ-мурдагы күнү маалымат пайда болду, мисалы, кышкы мезгилде электр энергиясын кошуна мамлекеттер Казакстан менен Өзбекстан бере турган болуптур. Кышында сууну агызбай, жайында аларга бергидей кылып. Ушундай сыяктуу интеграциялык кооперацияга өтсөк, чынында эле биз көз карандысыз боло баштайбыз. Мына, андан тышкары дагы, Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстандан мунайзаттарын алуунун жолдору чечилип жатат деген дагы маалыматтар чыкты. Бул биздин ошол Орусиядан көз карандылыгыбызды азайтуучу аракеттер болуп жатат деп бааласак болот”.

Соңку кездери Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунун күн тартибинде Орусияга байланыштуу окуялар көбөйгөнү байкалат.

Кыргызстандын укук коргоо органдары 22-ноябрь күнү бир катар саясатчылар менен активисттерди кармаган. Кармалган 12 адамдын ичинде Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев, экс-депутаттар Шайлообек Атазов менен Кубанычбек Кадыров, ишкер Урмат Барыктабасов, Атамбаевдин мурунку жансакчысы Дамир Мусакеев жана башкалар бар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жашыруун тартылган видео тасма таркаткан. Чакан бөлмөдө тасмал жайылган столдун бетинде үч киши сүйлөшүп отурганы тартылган видеодо мурдагы премьер-министр, учурда Орусияда бозгунда жүргөн Сапар Исаков тууралуу сөз болот. Белгисиз кишинин тактоочу суроолоруна жооп берип жаткан Темирлан Султанбеков ал Москвада Федералдык коопсуздук кызматынын кайтаруусунда экенин, аны Орусия Кыргызстанга өткөрүп бербей, "президенттикке запас вариант катары" кармап турганы "буларды" ачуулантып жатканын да айтууда.

23-ноябрь күнү Кыргызстанда “Номад” деп аталган жаңы телеканалдын ачылышы болуп, ага Кремлдин стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Вадим Титов жана Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова баштаган тобу келип катышты.

Телеканалды ачуу аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Кыргызстан орус дүйнөсүнүн бир бөлүгү” деп сүйлөдү. Ал өз сөзүн кыргызстандыктар маалыматты орус тилинде кабыл аларын, орус тилинде ойлонорун жана орус адабияты аркылуу тарбияланганы менен чечмеледи.

Саясат талдоочу Айбек Теңизбай орус-украин согушунан кийин Кремлди байырлагандар өз таасириндеги өлкөлөрдө жумшак күч менен иш жүргүзүүгө басым жасап калышканын белгилейт:

Айбек Теңизбай
Айбек Теңизбай

“Акыркы учурда Орусиянын Кыргызстанга таасири бир топ күчөп баштады. Мына, жакында эле “Номад” деген телеканал ачуу аркылуу маалыматтык саясатын дагы да бекемдешти. Ал телеканалды тааныштырууда деле кандай максатты көздөп жатышканын байкасак болот. “Эки эл бир” дегендей маанини билдирүүдө. Мындан тышкары, “Евразия” деген фонд аркылуу бир топ долбоорлорду ишке ашырышып, аларды талдай турган болсок, Орусиянын таасирин күчөтүп, бекемдей турчу иш-чаралар экен. Мына ушул негиздерди карап, ушулардын негизинде Орусия Кыргызстанга болгон өзүнүн таасирин күчөтүп жатат десек жаңылышпайбыз. Буга чейин мынчалык эмес болчу. Азыр, мына, Кыргыз-Орус (Славян) университетин да (жаңы кампусун) ачып жатышат. Андан тышкары, мектептерди ачууда”.

Кыргызстандын экономикасы азык-түлүк, эл керектөөчү товарлар, мунайзат, курулуш материалдары жана инвестициялык каражат жаатында Кытай менен Орусиядан толук көз каранды.

Путин менен кошо келери айтылган Муса Бажаевдин Кыргызстанда “Жерүй” алтын кени бар. Пётр Фрадковдун “Промсвязьбанкы” Орусиянын согуштук-техникалык комплексин колдогон операциялары үчүн эл аралык санкцияга кириптер болгон. Мындан тышкары, Кыргызстандагы “Керемет Банк” дагы “Промсвязьбанк” менен байланышта иштеген деген кине менен санкцияга кабылган. Жакында Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттиги “Керемет Банк” катышкан күмөндүү схемаларды эл аралык кылмыштуу түйүндөр уюштурган деген иликтөөсүн жарыялады.

Ал эми Роман Абрамовичтин Кыргыстанда ачык жүргүзгөн бизнеси жок болгону менен былтыртан бери Бишкекке келип бийик даражалуу жетекчилер менен кандайдыр бир маселелерди сүйлөшүп кеткени тууралуу кептер жүрүп келет.

2022-жылы Орусия Украинага согуш ачкандан бери АКШ, Евробиримдик баш болгон көптөгөн өлкөлөрдүн санкциясынын бутасында калды. Дал ушундай шартта санкциядан буйтап өтүү үчүн КМШдагы жакын өнөктөштөрүнүн тилин таап, алардын кызматын колдонууга аргасыз болуп жатканын эл аралык иликтөөчүлөр белгилеп келишет.

Бул жаатта кыргыз бийлиги Орусияда эмгектенген жүз миңдеген мигранттар, бекем экономикалык катнашты жүйө кылып, санкцияга шылтап бул өлкө менен соода байланыштарды үзүп салууга мүмкүн эместигин, Батыш өлкөлөрү адилетсиз мамиле кыларын айтып келет.

Акыркы жылдары катаал мамиледен жана согуштан улам Орусиядан миңдеген кыргыз мигранттары чыгып кетти. Бул маселе кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусунда көтөрүлүп, каралышы керек дешет серепчилер.

"Рейдде кармалып, боюнан түштү"

"Азаттыкка" өзүн Надырбек деп тааныштырган кыргызстандык кайрылып, Москва шаарындагы рейд учурунда кош бойлуу карындашы дагы кармалганын айтып даттанды. Анын айтымында, тамак-аш киргизүүгө уруксат берилбей, дээрлик үч күн полиция бөлүмүндө ачка отурган карындашынын боюнан түшүп калган.

"Менин карындашым сегиз жылдан бери балалуу боло албай жүргөн. Зорго боюнда болду эле. Полиция кызматкерлери реестрге түшүп калган үчүн үч күн бөлүмдө ачка кармап, туугандар тамак-аш алып барса киргизбей, кор кылыптыр. Ошол жерден карындашымдын боюнан түшүп калган. Эптеп эле ошол жерден медициналык жардам көрсөтүшүптүр. Андан кийин мен өзүм полицияга чалып, тез жардам чакырсак ал деле ошол жерден карап эле кетип калыптыр. Ал жерден Сахарового жөнөтүштү, ал жактан документи туура эмес болуп, кайра алып келишти. Нары-бери сүйрөп, 72 саат кармап коюптурбуз деп коё беришти. Тим эле адам өлтүргөндөй кылып аял кишинин колуна кишен кийгизип, ушундай мамиле кылганы такыр туура эмес ", - деди Орусияда иштеген кыргызстандык.

Надырбектин карындашы бул окуядан үч күн өтпөй Кыргызстанга депортация болуп, кайтып келди. Ал өзү өткөн окуяны кайрадан эстегиси келген жок. Надырбек бул ишти аягына чыгарып, сотко же тийиштүү мекемелерге кайрылуу зарыл деп эсептейт:

"Ушундай көрүнүштөрдү жогорку деңгээлде чыгарыш керек. Биз көп учурда унчукпай, үндөбөй коркуп жүрө берип, катаал мамиле жасап жатышат. Жакында эле инибизди электрошокер менен басып, чөнтөктөгү 100 миң сомун алып Кыргызстанга депортация кылышкан. Анда дагы эч ким үндөгөн эмес".

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Надырбектин карындашы туш болгон жагдай тууралуу маалымат берип, ал рейд учурунда кармалганын "Азаттыкка" ырастаган эле.

"Элчилик бул кайрылуу боюнча ыкчам аракет көрүп, ошол эле күнү кызматкер аталган ички иштер бөлүмүнө барып, ал келин менен жеке жолуккан. Бөлүмдө кармалып турган чакта анын боюнан түшүп калганы тууралуу айтып берген. Элчиликтин кызматкери келиндин боюнан түшүүсүнө байланыштуу кырдаалды тактап, ага карата полиция кызматкерлеринин тиешеси бар-жогун сураган. Полиция кызматкерлери күч колдонбогонун айткан, бирок берилген тамагына даттанган. Полиция өкүлүнүн маалыматы боюнча, келин тиешелүү миграциялык документтери жоктугуна байланыштуу Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөнү үчүн текшерүү учурунда кармалгандыгын жана көзөмөлдөгү жарандардын тизмесинде болгондугун билдирген. Андан кийин аны полиция бөлүмүнөн кое беришкен", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Келиндин саламаттыгы, боюнан түшүп калганы боюнча орус полициясы башка маалымат берген эмес. Кийин келин эч кимге доосу жок экенин айтып, өлкөдөн чыгып кетерин билдирген.

Орусиянын катаалдашкан талаптары

Орусия соңку жылдары миграциялык мыйзамдарды катаалдатып, улам жаңы эреже-талаптарды киргизүүдө. Жыл башынан бери мигранттарга каршы 200 миңден ашык рейд өткөрүп, 160 миңден көп чет өлкөлүк жаранга бул мамлекетке киришине тыюу салганын орусиялык "Фонтанка.ру" сайты Орусиянын ИИМине жана Миграция кызматына шилтеме кылып жазды.

Андагы маалыматка караганда, мындай тыюу быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көбөйгөн. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактыларын аныктоо 45%, жасалма миграциялык документтерди табуу 22% өскөн. Ошондой эле көп чет өлкөлүктөр иштеген базарларда, курулуштарда, соода борборлорунда, мейманкана жана жатаканаларда мигранттарга каршы жалпы 200 миңден ашык рейд уюштурулган.

"ДумаБинго" долбоору орус парламенти 2021-жылдан бери мигранттарга каршы жалпы 73 мыйзам долбоорун караганын иликтеп чыккан. Мамлекеттик Думага документтердин теңинен көбү Москвадагы "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин келген.

2024-жылы “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Орус бийлиги кол салуу үчүн шектүү деп тажик тектүү жарандарды атаган. Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдарды биринен сала бирин кабыл алып келатат.

Буга чейин Орусияда миграция мыйзамдарын бузган деген айып менен "кара тизмеге" кирип, атайын берилген убакыт ичинде андан чыгууга үлгүрбөй калган 770 миң мигрант чыгып кетүүгө тийиш экенин Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин айтып чыккан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Азаттыкка" алардын 75 миңи кыргызстандык жаран экенин ырастаган.

Путиндин сапары, миграция маселеси

Кыргызстандык мигранттар көзөмөл реестринен чыгуу кыйла машакат жаратып, оңой-олтоң бүтпөй жатканын айтууда. Жаныбек бир ай мурда Москвага барары менен реестрге кайра, экинчи жолу түшүп калганын айтып берди. Биринчи жолу ал "кара тизмеден" чыгуу үчүн Орусиядан чыгып кеткен эле. Ал жалгыз бой ата. Төрт баласын багуу үчүн кайра барууга аргасыз болгонун белгилеп жатат.

"Келип эле кайра реестрге түшүп калып, акча берип анан чыктым. Бирөөлөр аркылуу 20 миң сом берип штамп, мөөр бастырдым. Баягы эле маселе, акча берсең документти ортомчулар киргизип бүтүрүп берип жатышат. Элди ошондой эле кыйнап жатышат. Биринчисинде акча бербей коюп бүтүрө албай, чыга албай кеткем", - деди мекендеш.

Тышкы иштер министрлиги Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары учурунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери караларын билдирген. Күн тартибинде миграция маселеси бар-жогу расмий айтылган жок.

Серепчилер кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусунда башка маселелер менен бирге миграцияда жүргөн мекендештер кабылган көйгөйлөр көтөрүлүшү керек деп эсептешет. Миграция боюнча эксперт Нурсултан Карабаев азыр көйгөйлөрдү чечип алууга ыңгайлуу учур деген ойдо.

Нурсултан Карабаев.
Нурсултан Карабаев.

"Орусиянын президенти келгенде миграция маселеси көтөрүлүшү мүмкүн. Биздин мигранттардын азыр көйгөйлөрү көп жана Кыргызстан менен Орусиянын өз ара мамилеси абдан жакшы болуп турат. Азыр миграция маселелерин чечип алууга жакшы ыңгай түзүлүп жатат, ошону колдон чыгарбаш керек", - деди Карабаев.

Москвада бир топ жылдан бери жашаган, 20 жылдан ашуун убакыттан бери чет жакта жүргөн ишкер Толкунбек Акматов Орусияда салыштырмалуу кыргызстандык мигранттардын саны кыскарганын белгиледи. Акматовдун айтымында, кыйналган мекендештер азыр дагы көп жана алардын маселеси жогорку деңгээлде талкууланышы зарыл:

"Москвада, Москва облусунда эле миллиондой кыргызстандык мигрант бар эле. Азыр үч эс азайды деп жатышат. Кыргызстандыктар жакшы эле иштеп жатышат, бирок ошентсе деле ар бирине жолуксаң, документтен кыйналдык дешет. Миграциялык карта деп коёт, ошонун артына сөзсүз мөөр басылышы керек дейт. Мурда мамлекеттик төлөм жок эле, азыр ошол кирди, 100 рубль. Сахарово бар, реестр кирип калды. Кичине эле бир нерсе болсо тизмеге түшүп калат, анда карта, телефондору иштебей калып, кыргыздар кыйналып жатпайбы. Ошондуктан эки тараптуу алака тууралуу сөз болгондо Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон кийин бул көтөрүлүш керек деп ойлойм. Азыр Кыргызстандын өзүндө деле жумуш болуп, башка багыттар, Түштүк Корея, Улуу Британия, Европага иштөөгө жол ачылып калды. Орусияга мурдагыдай деле көз каранды болбой калдык окшойт деп ойлойм".

Буга чейин жаңы окуу жылы башталгандан бери Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай жатканын айтып даттанышкан.

Быйылкы жылдын башындагы расмий маалыматта 610 миңдей кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрү маалымдалган. Анын ичинен 376 миңдейи Орусияда миграциялык каттоого алынган. Орусия көзөмөл реестрин киргизгенден кийин бул сан азайдыбы, жокпу, Тышкы иштер министрлиги маалымат бере элек.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG