Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:47

"Чек ара күч менен өзгөртүлбөшү керек". Еврошаркет АКШнын "тынчтык планын" сындады


2025-жылдын 21-ноябры. Киевдеги баатырлар аллеясы.
2025-жылдын 21-ноябры. Киевдеги баатырлар аллеясы.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары АКШнын Украинадагы согушту токтотуу аракетин колдоп, бирок Вашингтон сунуштаган план кайра иштелип чыгууга тийиш экенин жарыялады. Алар 22-ноябрда Түштүк Африкадагы G20 саммитинде Кошмо Штаттардын тынчтык планын талкуулап, биргелешкен билдирүү таратты.

Мерцтин "кыжырын кайнаткан" демилге

"Пландын азыркы долбоору 28 пункттан туруп, адилеттүү жана узак мөөнөттө тынчтыкка жетишүү үчүн зарыл элементтерди камтыйт. Ошондуктан, биз бул долбоор тынчтыкка негиз, бирок кайра иштеп чыгууну талап кылат деп эсептейбиз. Болочокто дүйнөнүн туруктуулугун камсыздоо үчүн биз бул процесске кошулууга даярбыз. Биз чек аралар күч менен өзгөртүлбөшү керек деген так көз караштабыз. Бизди Украинанын Куралдуу күчтөрүн чектөө сунушу да тынчсыздандырат, ал Украинаны болочоктогу чабуулдар үчүн алсыз кылып коюшу мүмкүн", – деп жазылган Еврокомиссиянын сайтында жарыяланган документте.

Анда ЕБ жана НАТОго тиешелүү пункттар бул бирикмелердин макулдугу менен гана ишке ашырылышы мүмкүн экени белгиленген. Евробиримдик Украинаны мурдагыдай эле колдой турганын кайталады.

Bild басылмасынын маалыматына караганда, Батыштын лидерлери АКШ президенти Дональд Трамптын тынчтык планындагы кеминде төрт жобону өзгөртүүнү көздөйт. Алар негизинен Трамптын Орусиянын Крым, Донбасс жана башка аймактарга суверендүүлүгүн таануу, украин армиясынын санын азайтуу, коопсуздук кепилдиктеринин шарттары, камакка алынган орусиялык активдер тууралуу сунуштарына макул эмес.

Bild америкалык президенттин камактагы активдер тууралуу демилгеси өзгөчө Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин "кыжырын кайнатканын" жазды.

Йоханнесбургдагы G20 саммитинин катышуучулары. 22-ноябрь, 2025-жыл. Түштүк Африка
Йоханнесбургдагы G20 саммитинин катышуучулары. 22-ноябрь, 2025-жыл. Түштүк Африка

Женевада күтүлгөн жолугушуу

Америка бийлигинин планы 23-ноябрда Женевада ЕБ, АКШ жана Украинанын делегацияларынын жолугушуусунда талкуулана турганы кабарланды. Жолугушууга кимдер катышары азырынча белгисиз.

Швейцарияда жолугушуу болору ыктымалдыгы тууралуу буга чейин Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров айткан, бирок анын датасын тактаган эмес.

20-ноябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтон даярдаган талаштуу "тынчтык планынын" жаңыртылган варианты колуна тийгенин билдирген. Ал бул документти жакынкы күндөрү АКШ лидери Дональд Трамп менен талкуулай турганын айткан.

"Биз тынчтык үчүн америкалык тарап жана Европадагы, дүйнөдөгү өнөктөштөр менен конструктивдүү иш алып барууга даярбыз. Зеленский жакынкы күндөрү… Трамп менен дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү жана тынчтык үчүн зарыл негизги пункттарды талкуулайт" - деп жазылган анда.

Бул билдирүү Зеленский Киевде Пентагондун жогорку өкүлдөрү жана АКШ армиясынын катчысы Даниел Дрисколл менен жолуккандан бир нече саат өткөндөн кийин жарыяланды.

Кошмо Штаттардын Киевдеги элчилиги бул жолугушууну "өтө конструктивдүү" деп сыпаттап, көптөн күткөн тынчтык процессинде "илгерилөө байкалып жатканын" кошумчалады.

Айрым серепчилер белгилегендей, маалымат каражаттарына жарыяланып кеткен пландын шарттары 2022-жылдан бери Украинага чабуулун токтотпой жаткан Москванын талаптарына шайкеш келет.

Кошмо Штаттар даярдаган сунуштун чоо-жайы расмий билдирүүдө көрсөтүлгөн эмес.

Анткен менен Financial Times, Reuters жана Axios басылмаларынын маалыматына караганда, планда Украинанын айрым аймактарынан жана курал-жарагынан баш тартуусу, армиянын санын кыскартуусу керек деген шарттар каралган. Андан тышкары Киев АКШнын аскердик жардамынан да баш тартышы зарыл.

Соңку эки жыл ичинде дал ушул Вашингтондун жардамы Украинанын коргонуусун камсыздап турган негизги фактор болгон.

Мындан тышкары маалымат каражаттары жазгандай, планга Украинанын аймагында чет элдик аскерлердин жайгашуусуна тыюу салуу жана Киевге мындан ары узак аралыктан атылуучу ракеталарды жеткирбөө деген шарттар да кирген.

Зеленский буга чейин аймагынан баш тартуу же армиянын мүмкүнчүлүктөрүн кыскартуу сыяктуу Москва сунуштаган талаптарды кескин четке кагып келген. Мындай шарттар Украинага жаңы коркунучтарды жаратат деген жүйө келтирген.

Саясий талдоочулар 28 пункттан турган планга Киевдин макул болушу "абдан күмөн" экенин белгилешет.

Ошентсе да Axios басылмаcы ушул аптада украин жана америкалык расмий өкүлдөргө таянып, соңку жолугушууларда Зеленский "мурдагыга салыштырмалуу "сабырдуу, макулдашууга даярдай" көрүнгөнүн жазды.

Зеленский өзү да жолугушуудан кийин Телеграмдагы баракчасына Украина "конструктивдүү, калыс жана ыкчам" иштөөгө даяр экенин белгиледи.

Украин президенти Киевде АКШ армиясынын катчысы Ден Дрисколл менен жолугуп жатат. 20-ноябрь, 2025-жыл
Украин президенти Киевде АКШ армиясынын катчысы Ден Дрисколл менен жолугуп жатат. 20-ноябрь, 2025-жыл

Ошол эле күнү Вашингтондогу Ак үйдө өткөн брифингде мамлекеттик катчы Марко Рубио жана Американын атайын чабарманы Стив Уиткоф өткөн жумада украин өкүлдөрү менен тынчтык планын талкуулаганы айтылды.

Буга чейин Рубио сүйлөшүүлөргө мүмкүнчүлүк бар экенин ишарат кылган эле.

Америкалык генералдар Москвага барабы?

АКШнын армия министри Дэниэл Дрисколл башында турган америкалык генералдар жакынкы күндөрү Москвага барышы мүмкүн экенин The Guardian ишембиде ишенимдүү булактарына таянып жазды. Басылма сапар келерки жуманын аягына белгилениши мүмкүн экенин кабарлады. Анда кайсы маселе талкууланары белгисиз.

The Guardian басылмасынын маалыматында, Трамп Дрисколлду Украина боюнча жаңы өкүлү кылып дайындады. Басылма ал учурдагы атайын өкүл Кит Келлогдун ордуна барабы же экөө тең катар иштейби тактаган эмес. Буга чейин Келлог 2026-жылдын январында кызматтан кетүүнү пландап жатканы белгилүү болгон.

Дрисколлдун Украина боюнча атайын өкүл болуп дайындалышы расмий жарыяланган жок.

Дэниел Дрисколл вице-президент Жей Ди Вэнстин классташы жана жакын досу. АКШнын Армия министрлигин үстүбүздөгү жылдын февралынан бери жетектеп келет. Аскердик тажрыйбасы бар, мамлекеттик кызматка чейин инвестициялык компанияда иштеген.

Путиндин билдирүүсү

Орус президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамптын администрациясы иштеп чыккан план Украинадагы согушту токтотууга негиз боло аларын айтты. Ал мындай оюн 21-ноябрда Коопсуздук кеңешинин отурумунда билдирди. Путин Орусия АКШ сунуштап жаткан пландын долбоорун алганын, бирок орус тарап менен конкреттүү талкуу азырынча жүргүзүлбөгөнүн, анткени Украина сунуштарга макулдугун бере электигин айтты.

Талкууланып жаткан документти ал Аляскада АКШ президенти менен болгон сүйлөшүүлөр учурунда каралган келишимдин "модернизацияланган версиясы" деп атады. Путин Москва сунуштарга макулдугун тастыктаганын, бирок Украина макулдугун бербегендиктен ошондон бери АКШ тараптан аракеттер убактылуу токтоп калганын айтты.

Ал ошондой эле АКШ Орусиядан айрым бир компромисстерге барууну суранганын белгиледи. Путиндин айтымында, Орусия азыр тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр, бирок аны Купянск жана фронттун башка участокторундагы абал канааттандырат.

Вашингтондун сунуштары Зеленскийди кыйын кырдаалга кептеп жаткандай.

Фронтто украин аскерлери саны жагынан да көп, курал-жарагы жагынан дагы орус армиясына каршы турууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат. Ошол эле маалда Москванын күчтөрү да оор жоготууларга учуроодо.

Азыркы тапта Орусиянын армиясы стратегиялык маанилүү Покровск шаарына улам жакындап баратат. Андан тышкары суук түшүп калганда Украинанын энергетикалык инфраструктурасына катуу сокку уруп, буга чейин эле чарчап-чаалыккан калктын чыдамын кетирүүнү көздөп жаткандай.

Мурдагы америкалык дипломат, 2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин Вашингтондун санкцияларын түзүүгө катышкан Дэн Фрид да сөз болуп жаткан тынчтык планын "өтө начар сунуш" деп сыпаттайт.

"Мындай сунуштар мурда да болуп келген. Бул реалдуу эмес оюн болушу мүмкүн. Жакында көбүрөөк билебиз. АКШ администрациясынын Украина боюнча кадамдары адатта мынчалык жаман болбойт, бирок күтүлгөндөй жакшы да болбойт", - деп жазды X социалдык тармагына.

Орус армиясынын Тернополь шаарына жасаган соккусунун кесепети. 20-ноябрь, 2025-жыл.
Орус армиясынын Тернополь шаарына жасаган соккусунун кесепети. 20-ноябрь, 2025-жыл.

Зеленскийдин жолугушуулары Украинада кырдаал ого бетер чыңалып турган маалга туш келди.

Ички саясий жагдай да Зеленский үчүн жеңил эмес. Президенттин айланасында бир нече министрлер жана анын көптөн берки бизнес өнөктөштөрү аралашкан ири коррупция жаңжалы тутанып, ал саясий жактан кыйла алсырап турат.

Украинада саясий басым күчөп, айрым депутаттар президент Владимир Зеленскийди администрация башчысы Андрей Ермакты кызматтан алууга ачык чакырышты.

Коррупция боюнча иликтөө өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын орус армиясынын аба соккуларынан коргоо үчүн курулуш жана коргонуу иштерине бөлүнгөн каражат туура эмес жактарга жумшалганын көрсөттү.

Мындан улам коомчулукта да нааразылык күчөп, Зеленскийдин командасына ишеним кайрадан солгундап жатат.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG