Кыргызстанда балдарга арналган “Шамдагай Мбаппе кыялына кантип жетти?” китеби жарык көрдү. Анда айтылуу футболчунун ийгилиги, ага чейинки аракети баяндалган.
"Китепстан" басма үйү миң нускада чыгарган китептин автору"Азаттыктын" кабарчысы Түмөнбай Абдинаби уулу.
"Китепте Мбаппенин чыдамкайлыгы, дисциплинасы жана аракети үлгү катары келтирилет. Ар бир балага “менин да колуман келет” деген шык берет. Спортту сүйүүгө, тартипке жана кыйынчылыктарга чыдоону үйрөтөт. Аны футболду жакшы көргөн балдар жана балдары футболду жакшы көргөн ата-энелер окуса болот", - дейт басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев.
Абдуллаев "Китепстан" быйыл балдарга арналган 15 китепти басып чыгарганын кошумчалады.
Килиан Мбаппе - франциялык футболчу, Франциянын курама командасынын капитаны, дүйнө чемпиону. "Монако", "Пари Сен-Жермен" клубдарында ойноп, 2024-жылы Мадриддин "Реалына" өткөн.
Мбаппе Париждин четиндеги Бонди коммунасында чоңойгон. Ошол жердеги жеке мектепте окуп, 2004-2013-жылдары жергиликтүү командада ойногон.
Килиан Мбаппенин "Монако" үчүн дебюттук оюну 2015-жылдын 2-декабрында өткөн. Ал Франция чемпионатынын алкагында "Кан" клубуна каршы оюндун 88-мүнөтүндө алмашууга чыгып, "Монаконун" тарыхындагы эң жаш дебютант болуп калган. Үч айдан кийин чабуулчу "Труа" клубунун дарбазасына алгачкы голун киргизген.
2016-2017-жыл Мбаппе 26 гол (анын ичинде эки хет-трик) киргизип, Франция чемпиондугун утуп, анын аркасы менен "Монако" Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыккан. 2017-жылы Мбаппеге Европанын эң мыкты жаш футболисти катары Golden Boy сыйлыгы ыйгарылган.
2024-жылдын 3-июнунда Мадриддин "Реал" клубу Килиан Мбаппе менен беш жылдык келишимге кол койгонун жарыялаган.
Мадрид клубу футболчуга кызыгуусун 2017-жылы эле билдирген. 2021-жылы "Реал" Мбаппе үчүн 220 миллион евро төлөөгө даяр болгон, бирок ПСЖ бул сунушка макул болгон эмес.
Учурда ПСЖ футболчуну сотко берип, 440 млн евро талап кылууда. Буга Мбаппе "Реалга" өткөндөн кийин Париж клубунун эч кандай кенемте албаганы себеп болгон. (ST)
Шерине