Кыргызстанда орус валютасы - рублдин сомго карата курсу түшүп кетти. Улуттук банктын сайтындагы маалыматка ылайык, 28-ноябрда рублдин курсу 81 тыйын деп турат.
Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир рубль 78 тыйындан сатып алынып, 83 тыйындын тегерегинде сатылууда.
Ал эми Орусиянын өзүндө ушул күндөрү 1 доллар 113 рублге чейин көтөрүлүп кетти.
Расмий маалыматка караганда, Орусияда 411 миңден ашуун кыргызстандык мигрант бар. Алар рублдин куну түшсө, тапкан каражаты Кыргызстанга салганда аз болуп жатканын айтышууда. (BTo)
Шерине