Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы Сокулук айылындагы көлмөлөрдүн бирине үч бала түшүп кетип, чарчап калганын билдирди. Бул тууралуу 26-январда Сокулук райондук милициясынан маалымат түшкөн. Милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, үч баланын сөөгүн алып чыгышкан.
"Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, өспүрүмдөрдүн денесинен зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес", - деп айтылат маалыматта.
Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүүдө.
Балдардын жакындары бул окуя боюнча үн ката элек.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда былтыр сегиз айда 98 адам сууга чөгүп каза болгон.