Украинада 21-ноябрга караган түнү Орусиянын соккусунан Запорожье шаарында кеминде беш кишинин өмүрү кыйылды, дагы үч киши жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар мекемеси билдирди.
Облус башчысы Иван Федоров аймакка орус тараптан башкарылуучу авиабомбалар учуп баратканын эскертип, элди этият болууга чакырган.
Чабуулдун кесепетинен үйлөр, дүкөндөр, базарлар зыян тартканы маалымдалды.
Бир күн мурда Орусия Украинанын Харьков, Львов, Тернополь жана башка шаарларын абадан аткылап, жапырт сокку урган. Украин президенти Владимир Зеленский бул күнү орус аскерлери өлкө аймагын 470 согуштук дрон жана 48 ракета менен аткылаганын билдирген. Тернополдо 26 киши, арасында үч бала каза болгон. Мындан тышкары 93 киши, анын ичинде 18 бала жараат алган.
2022-жылдын февраль айынан бери Украина коңшусу Орусиянын толук масштабдуу согушунан жапа чегип келет. Чабуулдарды токтотуу аракеттеринен майнап чыга элек.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 20-ноябрдын кечинде америкалык делегация менен жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө АКШ сунуштаган тынчтык планынын ар бир пунктун талкуулоо уланарын, азырынча украин тарап ал боюнча кандайдыр бир так маалымат берип же билдирүү жасабай турганын айтты.
Зеленский кайсы маселелер Украина үчүн принципиалдуу түрдө маанилүү экенин, тынчтык келишими өлкөнүн эгемендигине шек келтирбей, Орусия кайрадан кол сала албагыдай болушу зарылдыгын белгилегенин кошумчалады.
21-ноябрда айрым басылмалар АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы иштеп чыккан тынчтык планынын долбоорунда Украина Орусиянын айрым шарттарына макул боло тургандай пункттар бар экенин, Кошмо Штаттардын коопсуздук кепилдиги менен украиндер айрым жерлеринен баш тартууга мажбур болушу керектигин жазып чыгышты. Ушундай эле мазмундагы маалыматын 21-ноябрда украин парламентинин депутаты Алексей Гончаренко жарыялады, анда тынчтык келишимине кол коюлар замат бардык туткундар айырбашталып, атышуу токтой турганы жазылган.
Согуш шартында жарыяланган маалыматтардын баарынын аныктыгын тактоо мүмкүн эмес.
Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу боюнча АКШ сунуш кылган планда Киев айрым аймактардан жана куралдын айрым түрлөрүнөн баш тартуусу камтылганын Reuters агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирди. Сунуштардын арасында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын кыскартуу да бар. Reuters агенттигинин булактарынын айтымында, Вашингтон Киевдин пландын негизги жоболорун кабыл алышын каалайт.
Пландын айрым жагдайларын Financial Times басылмасынын журналисти Кристофер Миллер өз булактарына таянып жазды. Ага ылайык, украин армиясын эки эсеге кыскартуу жана Киевдин Донбасстан баш тартуу сунушу бар. Миллердин жазганына караганда, украин президенти Владимир Зеленский бул планга нааразы.
Мурдараак Axios басылмасы Вашингтон жана Москванын өкүлдөрү согушту токтотуунун жаңы планы боюнча жеке кеңешмелерди өткөрүп жатканын жазган. 28 пункттан турганы айтылган бул план АКШнын президенти Дональд Трамптын Газа тилкесинде жарым-жартылай ишке ашкан тынчтык планынан алынган.
Басылманын жазганына караганда, АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф планды Кремлдин өкүлү Кирилл Дмитриев жана Украинанын коргоо министри Рустем Умеров менен талкуулаган.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова шаршембиде АКШ кандайдыр бир келишим тууралуу кайрылбаганын билдирген.
Wall Street Journal жана Politico басылмалары Трамп Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө жаңы дем берүү аракети үчүн Киевге Пентагондун жогорку даражалуу делегациясын жөнөткөнүн жазды.
ЖМКлардын жазганына караганда, АКШ армиясынын министри Дэниел Дрисколл, армиянын штаб башчысы Дэнди Жорж Украинанын президенти баш болгон жетекчилер менен жолугушат деп күтүлүүдө. Басылма Дрисколл мындан сырткары орусиялык өкүлдөр менен дагы жолугарын маалымдады, жолугушуу кайда жана качан болору айтылган эмес.
Ак үй жана Пентагон сапар тууралуу расмий кабарлай элек.
Орус армиясынын соккусуна кабылган Украинанын Тернополь шаарында каза болгондордун саны 26га жетти, алардын үчөө балдар. 90дон ашуун киши жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Улуттук полициясы кабарлады.
Орусиянын армиясы 19-ноябрга караган түнү Украинанын батыш аймактарына абадан сокку урган. Учкучсуз учактардын жапырт аткылоосуна Харьков дагы кабылды.
Ракеталык сокку Тернополь шаарындагы эки тогуз кабат үйгө тийген. Алардын биринин жогорку кабаттары толук урап калган. Экинчисинде өрт тутанган.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жазганына караганда, куткаруу иштери уланып жатат, курмандыктардын саны дагы өсүшү ыктымал. Украин тараптын билдиришинче, үйгө орусиялык X-101 ракетасы тийген.
Ракета-дрон чабуулунан кийин Украинанын Львов шаарында ири өрт чыкты, жабыркагандар тууралуу маалымат айтыла элек. Энергетика объектиси, кампалар жана жыгач иштетүүчү заводго зыян тартты. Ровненск, Ивано-Франковск облустары жана Украинанын батыш тарабы соккуга кабылды. Ивано-Франковск облусунда үч киши жараат алды, алардын экөө балдар.
Польша жана НАТОнун башка өлкөлөрү орус армиясынын чабуулунан улам аба мейкиндигин көзөмөлдөгөн истребителдерин асманга көтөрдү. Чектеш аймактын аба мейкиндиги бузулганы тууралуу маалымат айтылган жок.
Зеленскийдин айтымында, Орусия жалпысынан 470тен ашуун учкучсуз учак жана ар кандай типтеги 48 ракета учурган.
Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар "аскердик-өнөр жай жана энергетикалык объектилерге" жана "Украинанын батыш аймактарындагы узак аралыкка учуучу учкучсуз учуучу аппараттардын кампаларына" урулганын билдирди. Мекеме "сокку максатына жетти жана бардык белгиленген буталар зыян тартканын" белгилеген.