Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

"Мунаса табыла элек". Кремлде Украина боюнча АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

11:17 30.10.2025

Орус аскерлери шаршембиде Херсон шаарынын Днепр районуна сокку урганда медициналык мекемелердин бири бүлүнгөнүн облустун администрация башчысы Александр Прокудин билдирди. Анын маалыматы боюнча үч кызматкер жана бир жашы жете элек бала жабыркады.

Облус прокуратурасы балдардын ооруканасы аткыланганын тактап, мындан көп киши жарадар болгонун билдирди.

«Алдын ала маалыматка караганда, тогуз киши, арасында 4 бала жана үч медициналык кызматкер жараат алды», - деп айтылат билдирүүдө. Прокуратура оорукананын имараты катуу зыян тартканын, жарылуунун эпкининен айланасындагы курулуштар жабыркаганын кошумчалады.

Тергөөчүлөр эртең мененки саат 9:20да орус аскерлери Херсондогу балдар ооруканасын артиллериялык куралдан аткылаганын, ошол учурда ал жакта кичинекей бейтаптар, ата-энелери жана медициналык кызматкерлер болгонун маалымдашты.

Орусиянын армиясы бул билдирүүнү Херсонго жасалган буга чейинки чабуулдардай эле комментарийсиз калтырды. Шаар дээрлик майдан сызыгында орун алган. Аны бөлүп өткөн Днепр дарыясынын аркы жээгин Орусия оккупациялаган.

11:16 30.10.2025

Орусиянын лидери Владимир Путин Украинадагы согушта жеңишке жетүүнү көксөп турат. Бул америкалык чалгын кызматынын АКШ Конгрессиндеги өкүлдөргө берген отчетундагы бүтүм экенин расмий булактарга таянуу менен NBC News билдирди.

Америкалык эксперттер АКШ президенти Дональд Трамптын аракетине карабастан орусиялык жетекчилик согушту токтотуу үчүн компромисске барууга ниет кылбаганын айтышууда. Өлкө ичиндеги армиянын жоготуулары жана экономикалык көйгөйлөр Путинди кандай болбосун согушта утуп чыгууга аргасыз кылгандай. Ага украин аймагын Орусияныкы кылып бекитип, коңшусуна кол салгандан бери өлкөсү тарткан каржылык жана гуманитардык чыгымды актоо маанилүү болуп турганы америкалык чалгын кызматынын отчетунда айтылган.

Ак үйдүн өкүлү бул маалыматты ырастоодон баш тартып, "Лукойл" жана "Ростнефтиге" каршы америкалык санцияларды Трамптын согушту токтотуу аракети катары көрсөткөн. "Кошмо Штаттары согушту тынч аяктоого кызыкдар. Дүйнө Орусиянын сүйлөшүүгө өз эрки менен барышына көз каранды", - деп айтылат билдирүүдө.

14:26 29.10.2025

Орусияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айрым Телеграм каналдар 29-октябрга караган түнү мунай ишканалары украин дрондорунун соккусуна кабылганын маалымдап жатышат. Бутага Москва аймагы, Марий-Эл республикасында, Ульяновск облусунда мунайды кайра иштетүүчү заводдор жана Ставропол крайында химиялык ишкана алынганы кабарланууда.

Украиналык Exilenova+ Телеграм каналы Буденновск шаарында "Ставролен" химиялык заводу, Марий-Элде мунай иштетүүчү завод (бул аймак Украинадан 1000 чакырым алыс жайгашкан) өрттөнүп жаткан видеолорду жарыялады.

Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских учкучсуз учактардын чабуулу болгонун тастыктады. Ставропол крайынын губернатору Владимир Владимиров дрон менен сокку уруу аракети болгонун, эч ким жабыркабаганын билдирди.

Москванын мэри Сергей Собянин шаршембиге караган түнү шардын чет жакасында украиндердин жети дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Росавиация мекемесинин буйругу менен Москвадагы Домодедово, Жуковский жана Шереметьево аэропортторунун, ошондой эле Калуга, Волгоград, Саратов, Самара, Пенза, Ульяновск шаарларынын аба майдандарынын ишинде убактылуу чектөө болду.

20:05 28.10.2025

Орусиялык дрондор Украинанын жайкын тургундарына сокку уруп, адам өлүмүнө, жарааттарга, эбегейсиз кыйроолорго алып келүүдө. Мындай тыянакка Украинадагы окуяларды иликтеген комиссия келди. Алардын отчету дүйшөмбүдө БУУнун Башкы ассамблеясынын социалдык, гуманитардык жана маданий маселелер боюнча комитетине сунуш кылынды.

Ырааттуу жана координацияланган соккулар карапайым кишилерди, турак жайларды, гуманитардык жардам таратылган пункттарды, согуш шартында эл аралык гуманитардык укукка ылайык өзгөчө абалдагы тез жардам, өрт өчүрүүчүлөр бригадаларын бутага алат, - деп айтылат докладда.

Авторлор Орусиянын аскердик аракеттерин адамзатка каршы эки кылмышка теңесе болорун белгилешет. Биринчи кылмыш – калкты “өлтүрүү жана күчтөп көчүрүү”, экинчиси – орус аскерлери оккупациялаган жерлерден “карапайым элди депортациялоо жана көчүрүү”. Депортация маалында айрымдары кыйноого туш болгон.

Баяндама 500 видеонун анализине жана украиналык 226 киши менен маектешүүгө негизделген. 247 видеонун тартылган жери текшерилип чыккан.

Комиссия Орусиянын украин дрондору оккупацияланган аймактарда жарандык жайларга сокку урган деген арызын карады. Бирок ал жерлерге кирүү мүмкүн болбогондуктан, орус бийлигинен жооп ала албаганы үчүн жана күбөлөрдүн коопсуздугун ойлоп жыйынтык чыгара алган жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG