Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

«Аэрофлот» 1-августка чейин эл аралык каттамга билет сатууну токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы эл аралык каттамдарга билет сатууну 1-августка чейин токтотту.

Бул тууралуу «Азаттыктын» орус кызматы кабарлады. Мурдараак «Аэрофлот» коронавирустан улам ички каттамдарды да азайткан. 

Орусиянын бийлиги COVID-19 вирусунун тарап кетишинин алдын алуу максатында 27-марттан тартып эл аралык аба каттамдарынын баарын токтоткон. Учурда чет элдеги орусиялыктарды алып келиш үчүн гана учактар каттап жатат. Бул абал качанкыга чейин уланары белгисиз. 

Орусияда 17-апрелдеги маалыматка ылайык, илдетке кабылгандардын жалпы саны 32 миң кишиден ашты.

 

XS
SM
MD
LG