Президенттин кайрылуусу: эмне өзгөрөт?
Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке алгач ирет кайрылуу жасады. Анда өлкөдөгү абал, негизги көйгөйлөргө токтолуп, өз көз карашын билдирди. Президент Жээнбековдун кайрылуусун айрымдар өлкөнүн мындан өнүгүшү үчүн маанилүү чакырык болду дешсе, кээ бирлери мурдатан айтылып келген көйгөйлөрдү гана санап өтүп, аларды чечүүнүн жолдорун жана жаңы идея айта алган жок деп сындашты. Президент Жээнбековдун парламентке кайрылуусунан соң эмне өзгөрөт? Бул суроолорду “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө талдайбыз. Берүүгө Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, Социал-демократтар фракциясынан депутат Аида Касымалиева жана саясатчы Равшан Жээнбеков катышты.
Президент Жээнбековдун парламентке кайрылуусунан соң эмне өзгөрөт?
Чыгарылыштар
-
Декабрь 02, 2025Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр
-
Декабрь 01, 2025Жаңы парламент кандай болот?
-
Ноябрь 26, 2025Москванын Кыргызстанга кызыгуусу арттыбы?
-
Ноябрь 11, 2025Жогорку Кеңешке Мамдани сыяктуу саясатчы келеби?
-
Сентябрь 25, 2025Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
-
Сентябрь 19, 2025Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?