Апрель окуясы: уулдар унутулбайт
Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" комплексинде апрель окуясынын жети жылдыгы эскерилди. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Мамлекет башчы жана башка чиновниктер эскерүү жыйынында сөз сүйлөгөн жок. Атамбаевдин 7-апрелге карата элге кайрылуусун президенттик аппараттын басма сөз кызматы тараткан. Мындан тышкары апрель окуясында каза болгондордон сурамжылоо да жүргүзүп көрдүк. Түштөн кийин Ала-Тоо аянтында театралдаштырылган иш-чара болуп өттү. Ага шаар мэри Албек Ибраимов катышты. Соңунда концерт болуп, ал салют атуу менен аяктады.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 02, 2025Шайлоодогу мыйзам бузуу: Видео камера, добуш сатуу, 460 миң сом
-
Ноябрь 30, 2025Шайлоо-2025: Элдин күткөнү эмне?
-
Ноябрь 30, 2025Парламенттик шайлоо: өлкө ичинде жана тышында добуш берүү
-
Ноябрь 24, 2025Шайлоо алдында 10дой киши эки айга камалды
-
Ноябрь 23, 2025Шайлоого жакын саясатчылар жапырт кармалды